Токиодогу жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду.
Ал 65 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешти 6-августта индиялык Бажраң Пуниа менен өткөрүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар индиялык спортчуга ыйгарды.
Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.
Спортчуларды тосуп алуу түз эфирде
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык оюнчуларды 7-августта "Манас" аба майданында расмий бийлик адамдары менен катар эле карапайым эл тосуп алды.
Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.
Сүйүнбек Касманбетов: Биринчи жолу кыргызстандык спортчулар үч медал утуп жатат. Биринчи жолу эки күмүш, бир коло менен келип атат. Биринчи жолу кыргызстандык кыз-келиндер медал менен кайтып жатат.