Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Ырчы, обончу Тургуналы Нурматов каза болду


Видеодон алынган скриншот.
Видеодон алынган скриншот.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы жана обончу Тургуналы Нурматов каза болду.

Бул тууралуу анын жакындары “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Нурматов акыркы жылдары инсульт алып, катуу ооруп жүргөн. Соңку айларда ооруканада комада жаткан.

Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени Талас шаарында жерге берилет.

Тургуналы Нурматов ырчы жана обончу катары белгилүү. “Кыргызымдын жигиттери”, “Той ыры” деген сыяктуу элге таралган ырлардын автору.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG