Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Түркмөнстанда футбол сезону пандемияга карабай улантылат


Түркмөнстандын "Алтын Асыр" футболдук клубу. 3-апрель, 2019-жыл.

Түркмөнстанда бир аз убакытка токтоп калган футбол таймаштары 19-апрелде улантылат жана аларга күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилет.

24-мартта Борбор Азиянын сегиз командасынан турган профессионалдык лигасы COVID-19 илдетине байланыштуу сезонду токтоткон.

Бул авторитардык мамлекетте коронавирус жуктурган бир да адам каттала элек.

Бийлик «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салганы кабарланган.

Пандемия тууралуу коомдук жайларда сөз кылган адамдарды тартип сакчылары кармап кетип жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматы буга чейин билдирген эле.

Түркмөнстандан тышкары пандемия маалында футбол таймаштары Беларус, Тажикстан, Никарагуа жана Бурунди мамлекеттеринде гана өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG