Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Эрдоган: Түркия НАТОнун пландарына каршы чыкпайт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 4-декабрь, 2019-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. 4-декабрь, 2019-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара НАТОнун Польша менен Балтиканын коргонуу системасын колдоо боюнча планына мындан ары каршы чыкпай турганын билдирди. Эрдогандын айтымында, эми Түркия аскердик альянстан терроризмге каршы күрөштө колдоо күтөт. Бул тууралуу түрк президенти 5-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Түркия Сириядагы күрт кошуундарына каршы аскердик операциясына байланыштуу НАТОдогу башка өнөктөштөрүнүн сынына кабылган.

Сириядагы күрт кошуундары өлкөдөгү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө АКШ баштаган коалицияга көмөктөшкөн.

XS
SM
MD
LG