Түркмөнстанда Каспий деңизин жээктеген Челекен курорту бир кезде жайкысын эл агылган, эс алуучулардун сүйүктүү жайы эле. Азыр ал жерде суунун жээги, айлана-тегерек булганганы, кара май казган ишканалардын эски жабдыктары, темир түтүктөрдүн таштандылары көзгө урунат. Ошентсе да, айрым түркмөнстандыктар эски салтты улап, ал жакка сууга түшүп, күнгө какталуу үчүн барышат. (Сүрөттөр "Азаттыктын" түркмөн кызматыныкы)