Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Түркмөнстанда пневмония менен ооругандар көбөйдү


Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борбору. Чоганлы. 2018-жыл.
Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борбору. Чоганлы. 2018-жыл.

Түркмөнстанда пневмония менен ооруган учурлар көбөйгөнү байкалууда. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы шаршембиде маалымдагандай, борбор шаар Ашхабадда инфекциялык оорукана өпкөсү сезгенген бейтаптарга толуп калды.

Бирок бийлик өлкөдө коронавирус катталбаганын айтып келет. Жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана дарылоо борборунун кызматкерлери айрым кишилер өтө оор абалда түшүп, көз жумгандар да бар экенин радионун кабарчысына айтып беришкен.

Кээ бир дарыгерлер бул COVID-19 экенинен дээрлик күмөн санабай калышканын, бирок анализ жасоо турсун коронавирус тууралуу сөз кылууга уруксат берилбегенин айтышат.

Ал эми Лебап облусундагы айрым булактар медайым ооруп калганын, анын үй-бүлөсү жана кесиптештери, айрым кошуналары карантинге алынганын кабарлашты.

Эл аралык уюмдар түркмөн бийлигин коронавируска байланышкан маалыматтарды бурмалабай, так берүүгө үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG