Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Түркмөнстан: Кунандан кулаган президент баш байге алды


Бердымухаммедов аттан кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Түркмөнстанда Аргымак күнү белгиленди. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, ат чабышта баш байгени президент Гурбангулы Бердымухаммедов утуп алды. Көз карандысыз интернет сайттар президент мелдеш учурунда аттан кулаганын ачыкташты.

Аргымак күнү Түркмөнстанда жалпы улуттук майрам катары апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленет.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов түркмөндөрдүн сыймыгы катары саналган ахалтекин аттарына бийликке келгенден бери көңүл бурууну күчөткөндүктөн майрамдын масштабы жыл өткөн сайын кеңейүүдө.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, быйылкы Аргымак күнү жалаң ат чабыш менен коштолбостон, аны утурлай ахалтекин жылкылары боюнча эл аралык ассоциациянын жыйыны, көргөзмө-жармаңке жана түркмөн аргымагына арналган илимий конференция уюштурулду.

Ал эми быйылкы башкы мелдеште бир чакырымга кунан чабыш болду. Жалпы байге кору 13 миллион доллардан ашкан бул мелдешке тандалма жети кунан гана койо берилип, алардын бирин жарышка президент Гурбангулы Бердымухаммедов өзү минип чыкты.

Мамлекеттик “Turkmenistan.ru” интернет басылмасы белгилегендей, жыйынтык көз ирмемде чечилген “айыгышкан күрөштө” марага “Беркарар” деп аталган кунаны менен эң биринчи болуп президент Бердымухаммедов жеткен.

Президент аттан кулаган учур

Интернетке чыгып кеткен видеотасмага караганда, Бердымухаммедов марага чын эле биринчи болуп жетти. Бирок президенттин аргымагы чектен өтөр замат эле буту чалыштай түшкөндө өзү аттын башынан ала салып барып кулап, жарыш тилкесиндеги топурак-кумдун үстүндө кыймылсыз жатып калды.

Мына ошол кезде мамлекеттик теледеги комментатордун да сөзү токтоп, кара костюмчан жоон топ адамдар жыгылган президентти көздөй жабыла жүгүрүштү. Бир саамдан кийин мамлекет башчысын тез жардам унаасы алып кетти.

Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө адистешкен “Eurasianet.org” интернет басылмасынын жазганына караганда, бери дегенде бир сааттай президенттин абалы белгисиз болуп турган.



Президенттин аттан кулаганы, албетте, мамлекеттик телеканалдар аркылуу көргөзүлгөн эмес. Окуядан кийин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү стадионду аралап, кимде фотоаппарат, видеокамера бардыгын издешип, алардан сүрөт-тасмаларын өчүрүүнү талап кылышкан. Стадиондон эч кимди чыгарышкан эмес.

Ахалтекин аттары боюнча Люксембурдагы ассоциациянын президенти Клара де Вос ван Стиинвик (Clara de Vos van Steenwijk) Ашхабаддагы мелдешке жана түркмөн президентинин аттан кулаганына күбө болгон:

- Президент болжол менен бир жарым сааттан кийин улуттук кийимчен маранын бет маңдайына келип, элди карап, кол булгалады. Ошол эле күнү түштөн кийин чабандестердин баарына, күлүк ээлерине байгелерди тапшырды. Албетте, ал жыгылганда өзөрүп калды. Анткени ушунча катуу ылдамдык менен баратып куласаңыз, өпкө-жүрөгүңүз кысыла түшөт да. Бул окуя коомчулукту да нес кылды. Ат майданда миңдеген адам карап отурган.

Клара де Вос ван Стиинвик “Азаттык” менен маегинде түркмөн президенти акыркы айларда ат чабышка атайы даярданып, машыгуудан өтүп жүргөнүнөн кабары бардыгын кошумчалады.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, кунан чабыштын эрежесине ылайык, 13 миллион долларлык баш байгенин 85% же 11 миллион доллар биринчи орун ээсине, башкача айтканда президент Бердымухаммедого тапшырылды. Президент бул акчаны өз кезегинде ахалтекин жылкыларына камкордук көргөн“Түркмөн аттары” мамлекеттик бирикмесине берет.

Быйылкы Аргымак күнүнө тушташ Ашхабадда ахалтекин аттарынын сулуулук сынагы да уюштурулду. Анда жеңген аргымак ээсине президенттин атынан кымбат баалуу автоунаа тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG