Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Хива Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот


Хива шаары
Хива шаары

Мындай чечим Ош шаарында өтүп жаткан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды.

Өзбекстандын Хива шаарынын акими Собир Жуманиязов эстафетаны кабыл алып, Хива шаары тууралуу баян жасады. 2020-жылы «Хива шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын аймак менен таанышуу, маданий иш-чаралар менен башталарын билдирди.

Хива шаары Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаарда ачык асман алдында 16-кылымдан бери тарыхый жайлар сакталып калган.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» болсо, буга чейин бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн. (MdN)

XS
SM
MD
LG