24-майга караган түнү Орусия Украинага жапырт сокку урду. Акыркы маалыматтарга караганда, андан төрт киши каза таап, 100гө чукулу түрдүү жараат алды. Ракета, дрон колдонулган бул соккулар Орусия Украинага кол салгандан берки эң катуу чабуулдардын бири болуп калды.
Украинага ракеталык соккулар, талкаланган Киев
41
Соккулар маалында Киевдин үстүнөн көтөрүлгөн коюу түтүн. 24-май
42
2026-жылдын 24-майы. Киевде талкаланып, өрттөнүп жаткан имараттардын жанында бараткан аял.
43
44
45
46
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
Шерине