Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Украина: карын энеден төрөлгөн балдар ата-энелери менен жолугушту


Медайымдар ымыркайларды ата-энелерине тапшырууга даярданып турушат. Киев. 10-июнь, 2020-жыл.
Медайымдар ымыркайларды ата-энелерине тапшырууга даярданып турушат. Киев. 10-июнь, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынын айынан Украинадагы карын энелерден төрөлгөн ымыркайларына жете албай калган чет элдик ата-энелер акыры Киевге барышты. Бул тууралуу Украинанын омбудсмени Людмила Денисова билдирди. Анын айтымында, 31 түгөй балдарын колдоруна алышты.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги ата-энелерге эки жума обсервацияда болуп, анализдеринен COVID-19 чыкпаган шартта гана балдары менен жолугушууга уруксат берди.

Жалпысынан Украина боюнча карын энелерден төрөлгөн 125тей бала чет жактагы ата-энелерин күтүп жатышкан.

Буга чейин карын энелердин кызматын сунуштаган Biotexcom компаниясы ата-энелери чек аралардын жабылып калганына байланыштуу Украинага жете албай калган алтымыштай наристенин видеосун жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Омбудсмен Людмила Денисованын айтымында, дагы 88 үй-бүлө жакынкы жумаларда Киевге барат.

Украинада чет элдиктерге карын эненин кызматын сунуштаган 50дөй клиника бар.

XS
SM
MD
LG