Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

БУУнун баш катчысы Пакистанга барды


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш 16-февралда Пакистанга барды. Ал өлкөнүн лидерлери менен жолугушуп, ооган качкындарына арналган конференцияга катышат. Бул тууралуу Пакистандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Пакистан миңдеген ооган качкындарынын өлкөгө киришинин 40 жылдыгына карата Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги менен бирге эл аралык конференция уюштуруп жатат. 17-февралда баштала турган эки күндүк жыйынды Пакистандын премьер-министри Имран Хан ачат.

Пакистанда 2,4 миллиондой ооганстандык качкын бар. Алар 1979-жылдагы согуштан жана андан кийинки жаңжалдардан улам мекенин таштап, коңшу мамлекетке чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Бозгундардын айрымдары гана Пакистанда өз алдынча үй салып, жашап кетпесе, көбү ушул күнгө чейин лагерлерде күн кечиришет.

XS
SM
MD
LG