Мадридде Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча 25 - конференциясы аяктады. Анын катышуучулары бирдиктүү билдирүү кабыл алышканы менен, табият коргоочуларынын сынына кабылышты. "Greenpeace" уюмунун өкүлү Мартин Кайзер конференциянын жыйынтыгын "климат кризисинен жабыркап жаткан бардык адамдарды сатып кетүү" катары баалады.
Мурдараак жыйындан натыйжа чыкпай калганын 16 жаштагы экологиялык активист Грета Тунберг айтып чыккан.
Бул конференциянын жыйынтыгында катышуучулар климатты коргоо боюнча олуттуу жаңы милдеттенмелерди кабыл алат деп күтүлгөн. Жыйынтыгында катышуучулар Париж макулдашуусун аткаруу боюнча көбүрөөк чараларды кабыл алууну макулдашканы менен так кадамдар тууралуу бир пикирге келе алышкан жок.
Климат боюнча БУУнун Дүйнөлүк конференциясы Чилинин баш калаасы Сантьягодо өтмөк. Бирок ал жакта жапырт нааразылык акциялары токтобой жаткандыктан Мадридге которулган.
Жума күнү жыйынтыктала турган жыйын катышуучулардын талашып-тартышуусунан улам эки күнгө созулду.