Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

АКШ генералы «Талибан» кыймылынын лидерлери менен жолугушту


Кошмо Штаттардын жана НАТОнун Ооганстандагы жогорку даражалуу кол башчысы Остин Миллер
Кошмо Штаттардын жана НАТОнун Ооганстандагы жогорку даражалуу кол башчысы Остин Миллер

Кошмо Штаттардын жана НАТОнун Ооганстандагы жогорку даражалуу кол башчысы Остин Миллер Дохада «Талибан» кыймылынын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, зордук-зомбулукту азайтууну талкуулады.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сонни Леггеттин айтымында Миллер талибдердин тандалма лидерлери менен 10-апрелдин кечинде кездешти. Ал эми талибдердин өкүлү Сухейл Шахин кыймыл америкалык күчтөрдү куралдуу кагылышуулар жүрбөгөн аймактарга чабуул койбоого чакырганын 11-апрелде айтты.

«Талибан» жакында эле жарыялаган видеодо 10-апрелде Бадахшан провинциясында АКШ армиясынын соккусуна туш болду делген үй көрсөтүлгөн. Анда айтылгандар канчалык чын экенин ырастоо кыйын.

Соңку эки күндөн бери талибдер Ооганстандын аймагында бир нече адамдын өмүрүн алган чабуулдарды уюштурганы үчүн айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG