Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

АКШ прокуроролору «Нафтогаздын» жетекчисин суракка алышты


«Нафтогаздын» экинчи аткаруучу директору Андрей Кобольев. 28-октябрь, 2019-жыл. Брюссел.
«Нафтогаздын» экинчи аткаруучу директору Андрей Кобольев. 28-октябрь, 2019-жыл. Брюссел.

Кошмо Штаттардын прокурорлору Украинадагы ири «Нафтогаз» компаниясынын экинчи аткаруучу жетекчисин президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Руди Жулианиге байланыштуу иликтөөнүн алкагында суракка алышты. Андрей Кобольев федералдык прокурорлор менен Лондондо жолукканын «Associated Press» маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазды. Бул маалыматты Кобольевдин адвокаты да ырастады.

АКШнын Юстиция министрлиги Жулиани Украинадагы аракеттери менен федералдык мыйзамдарды бузган-бузбаганын иликтеп жатат. Өкүлдөр Палатасындагы импичмент жарыялоо жараянына байланыштуу өтүп жаткан жараянда андагы Жулианинин ролу каралууда.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG