Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

АКШ Жакынкы Чыгышка 750 аскерин жөнөтөт


Багдаддагы АКШ элчилигине чабуул коюу аракети болуп жаткан учур. 31-декабрь, 2019-жыл.
Багдаддагы АКШ элчилигине чабуул коюу аракети болуп жаткан учур. 31-декабрь, 2019-жыл.

АКШнын Багдаддагы элчилигине иранчыл митингчилер чабуул койгонуна байланыштуу Вашингтон Жакынкы Чыгышка кошумча 750 аскерин токтоосуз жөнөтөт жана жакынкы күндөрү алардын санын дагы көбөйтөт. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Марк Эспер 31-декабрда билдирди. Ал “бул эскертүү чарасы экенин” билдирди.

Вашингтондун аба соккуларына каршылык билдирген миңдеген адамдар 31-декабрда АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдына топтолуп, алардын бир бөлүгү имаратка кирүүгө аракет кылышты. Ирактын коопсуздук күчтөрү митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду.

29-декабрда Кошмо Штаттар Ирак менен Сириядагы Иран колдогон "Катаиб Хезболла” аттуу жоочулар тобунун позицияларына абадан сокку урган. Андан ирактык шииттерден турган бул топтун 25 мүчөсү мерт болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “Твиттердеги” баракчасына 31-декабрда жазгандай, ал Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди жана президенти Бархам Салих менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, “өлкөсүндөгү америкалык кызматкерлерди жана АКШга караштуу мүлктү коргоо алардын милдети экенин эскерткенин” айтты.

XS
SM
MD
LG