Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 19:55

АКШ Сенаты коронавируска каршы күрөшкө эки триллион доллар бөлүүгө макул болду


Ээнсиреп калган Нью-Йорктогу Таймс-Сквер. 23-март, 2020-жыл.

АКШнын Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүш үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды. Ага ылайык, Кошмо Штаттардын ар бир бойго жеткен жаранына 1200, ал эми ар бир балага 500 доллардан бөлүнөт.

Эми документти Өкүлдөр Палатасы жактырган соң ага АКШнын президенти Дональд Трамп кол коёт. Каралган каражат АКШнын 2020-жылга бөлгөн бюджетинен ашат. Ушуну менен АКШда COVID-19 менен күрөшүүгө каршы үч мыйзам долбоору кабыл алынды. Буга чейин Конгресс эпидемияга каршы күрөшкө жана вакцинаны ойлоп табууга 8,3 миллиард доллар бөлгөн. Ошондой эле коронавирустан улам аргасыз эс алууга кеткендерге көмөк көрсөтүү максатында 100 миллиард доллар каралган.

Кошмо Штаттарда 26-мартка карата коронавирус 69 миңден ашуун адамда аныкталды. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө бул илдеттен 21 миң киши көз жумду.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG