Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

АКШнын аязын да көрдүк

Мичиган көлүнүн жээги, Чикаго шаары. 6-январь, 2014

АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй суук болуп жатат. Айрым штаттарда сууктун күчү 51 градуска жетип, мектептер жабылып, коомдук транспорт иштебей калды. Дал ушундай арктикалык аяздын кучагында калган Чикаго шаарындагы абал тууралуу ал жакта билим алып жүргөн мекендешибиз Эдил Касмамбетов “Азаттыкка” айтып берди.

"Азаттык": АКШнын түндүк штаттарында ызгаардан улам мектептер жабылып, коомдук транспорт иштебей калганы айтылып жатат. Анын ичинде сиз жашаган Чикаго шаарында катуу суук болуп жатыптыр. Катуу суукта кантип жатасыздар?

Касмамбетов: Ооба, чындыгында суук катуу түштү. АКШнын тарыхында 1994-жылдан бери алгач жолу ушундай суук болгону байкалып жатыптыр. Мисалы, мен жашаган Чикаго шаарында көчөгө адамдар көп деле чыкпай калды. Эшикке чыксаң 5 мүнөттө бетиң чымырап, чыдабай кетесиң.

Жогорку окуу жайлар, мектептердин баары жабылды. Болгону, мамлекеттик ишканаларда эмгектенген кызматкерлер эле жумушка барып жатат. Катуу суукка карабай коомдук транспорт иштеп жатат. Ага түшкөн деле адам жок.

"Азаттык": Чикаго шаарында кыргызстандыктардын саны көп экени айтылып жүрөт. Бул суукта бири-бириңерден кабар алып жатасыздарбы?

Касмамбетов: Ооба, бул жакта кыргызстандыктардын ортосунда ынтымак күчтүү. Чикагодо 3 миңге чукул кыргызстандык жашайт деп айтылып жүрөт. Көпчүлүгүбүз бири-бирибизди тааныйбыз, ушул күндөрү кабар алып жатабыз. Чикагодо билим алган кыргыздар суукта үйлөрүнөн чыкпай эле отурушат. Андан сырткары бул жакта кыргызстандыктар ачкан 6-7 кафе бар. Ал жерден жолугуп калган учурлар бар. Бирок 24 саат иштеген мындай жайлар учурда кечки саат 1-2ге чейин эле иштеп, жабылып жатат.

"Азаттык": Дал ушундай чукул кырдаалдын кесепетин жоюуда Чикагонун шаар бийликтери кандай чараларды көрүп жатат? Эмне өзгөчөлүк байкай алдыңыз?

Касмамбетов: Жергиликтүү бийликтер шаар тургундары маалымат каражаттары аркылуу “эгер зарыл иш болбосо, сыртка чыкпагыла, үйүңөрдө калгыла” деп байма-бай айтып жатышат.

Жол тазалагандар, мамлекеттик мекемелер тынбай эле иштеп жатышат. Ушул суукка чейин Чикагодо үч-төрт күн тынбай тизеге жеткен калың кар жаады. Чикагонун мэриясы катуу чараларды көрүп, тонналаган туз төгүшөт экен. Жааган кар дароо эрип, жолдордо тыгын болуп же каттамга жолтоо кылган жок.

Бул жактын шаар бийликтери дал ушундай чукул кырдаалдарга даяр экенин, анын кесепетин дароо жоюуга жөндөмдүү экенин иш жүзүндө көрсөтө алды. Биз болсо шаар көчөлөрүндө жүргөндө биздин өлкө деле ушундайга жетсе деп кыялданып жүрөбүз. Буйруса, эми андай күнгө да жетербиз...

Америкадагы аяз

Бруклиндеги тротуарды тазалоо. Нью-Йорк.
1/13 Бруклиндеги тротуарды тазалоо. Нью-Йорк.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Таймс-сквердеги кар. Нью-Йорк.
2/13 Таймс-сквердеги кар. Нью-Йорк.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Нью-Йорктун борбордук паркында кар менен урушуп ойногондор.
3/13 Нью-Йорктун борбордук паркында кар менен урушуп ойногондор.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Бостондогу темир жол вокзалынан жүргүнчүлөр чыгууда. 
4/13 Бостондогу темир жол вокзалынан жүргүнчүлөр чыгууда. 
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Массачусетстеги кар жана муз.
5/13 Массачусетстеги кар жана муз.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Деңиз. Массачусетс.
6/13 Деңиз. Массачусетс.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Бостондогу кар дөбө.
7/13 Бостондогу кар дөбө.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Вашингтон. 
8/13 Вашингтон. 
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Балдар муз үстүндө бийлөөгө үйрөнүп жатышат. 
9/13 Балдар муз үстүндө бийлөөгө үйрөнүп жатышат. 
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Иллинойстогу суук.
10/13 Иллинойстогу суук.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Жол издеген серферлер. Рокавей-бич.
11/13 Жол издеген серферлер. Рокавей-бич.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Итти сейилдетүү. Нью-Йорк.
12/13 Итти сейилдетүү. Нью-Йорк.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Бруклинде чана тепкендер.
13/13 Бруклинде чана тепкендер.
АКШда акыркы 20 жылда болуп көрбөгөндөй катуу сууктун айынан мектептер жабылып, коомдук транспорт каттамдары үзгүлтүккө учурады. Бийликтер ызгаарды өмүргө коркунучтуу деп табышты.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG