Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Өзбекстанда мобилдик интернет чектелди


Өзбекстанда интернет кызматтар мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.
Өзбекстанда интернет кызматтар мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.

Өзбекстандыктар Skype, WhatsApp, Telegram, Viber, Mail.Ru агент мобилдик кызматтары аркылуу үн жана видео баарлашууда тоскоолдуктарга кабылууда.

Маалыматтарга ылайык, өкмөттүк “Узтелеком” байланыш ишканасы жогорудагы кызматтардын ишин чектөөгө аракет кылууда. Бул кызматтар менен пайдаланган абоненттер болсо, учурда текст түрүндөгү жазуулар гана иштеп жатканын айтып жатышат.

Өзбекстандын аймагында Voice over IP же жөнөкөй тил менен айтканда интернет-телефония негизинде иштеген мобилдик тиркемелердеги көйгөйлөр 10-октябрда башталган. Үн же видео аркылуу сүйлөшүүлөр бир же эки секунд өткөн соң сапаты кыйла начарлап, эки адам бири-бирин түшүнүүгө мүмкүн болбой калып жатат.

Узньюс.нет интернет басылмасы аталган кызматтарга чектөөнү “Узтелеком” мамлекеттик ишканасы жасап жатканын ишеничтүү булактарга таянып жазып чыкты. Себеби Өзбекстанда интернет трафиктин баары «Узтелеком» аркылуу өтөт.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын мульти-медиа журналисти, соцтармактар боюнча эл аралык кеңешчи Толкун Умаралиев да көйгөйдү жаратып жаткан «Узтелеком» деп эсептейт.

- Өзбекстан өкмөтү Voice over IP кызматын тосо алат. Аларда толук мүмкүнчүлүк бар. Өлкөдөгү бардык интернет трафик улуттук провайдер аркылуу өтөт. Бир да компания сырттан өз алдынча интернет тартып келе албайт.

Толкун Умаралиев.
Толкун Умаралиев.

​Мобилдик интернет аркылуу чалуулардын чектелиши “Азаттыктын” өзбек кызматынын иштөөсүнө таасирин тийгизүүдө. Себеби алар элден пикирлерди негизинен дал ушул кызматтар аркылуу алып турат. “Озодлик” радиосунун бир катар түз эфирдеги талкуулары да интернет чалуулардын негизинде түзүлгөн.

Мобилдик тиркемелерден чалуулардын чектелиши тексттик кат алышууга таасирин тийгизген жок. Өзбекстандык абоненттер азыр ушуга да шүгүр кылууда, себеби алар үчүн чет жерде жүргөн тууган-туушкандары менен интернет тиркемелер аркылуу баарлашуу кыйла арзан түшөт.

Укук коргоочулар бул чектөөлөрдү Өзбек бийлиги пахта талааларында мажбур эмгекке тартылып жаткандар тууралуу сүрөт, видеолордун таралышына бөгөт коюу үчүн жасап жатат деп билдирүүдө. "Ошол эле учурда башка себептерди да эске алуу зарыл",- дейт соцтармактар боюнча адис Толкун Умаралиев:

- Бул чектөөлөрдүн бир гана себебин кароо туура эмес деп ойлойм. Албетте, пахта талааларындагы мажбур эмгек тууралуу видео, сүрөттөрдүн чыгып кетүүсүн тосуу болушу мүмкүн. Ошондой эле жакында Өзбекстанда парламенттик андан ары кийинки жылы президенттик шайлоо болот. Ошого даярдык көрүү же сынап көрүү да болушу да мүмкүн. Дагы бир себеп катары коммерциялык ишканалар менен “Узтелекомдун” жең ичинен сүйлөшүп алуусун да кароого болот. Бул жерде Өзбекстандагы ири мобилдик байланыш компаниялары IP тиркемелердин айынан кыйла эле акчадан кур жалак калып жатпайбы. Эл негизинен салтка айланган чалууларды колдонбой, телефонуна орнотулган тиркеме аркылуу баарлашууга массалык өтүп кеткен.

Өзбекстанда интернет кызматтар мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган. Дээрлик бардык көз каранды эмес маалыматтык интернет басылмалар атайын кызматтар тарабынан кулпуланган. Эл аралык уюмдар болсо Өзбекстан бийлигинин бул режимин сынга алып келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG