Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Өзбекстанда Норвегиядан келген мигранттар кесилди


"Өзбекстан" телеканалы көрсөткөн берүүдөн алынган сүрөт.
"Өзбекстан" телеканалы көрсөткөн берүүдөн алынган сүрөт.

Норвегиядан Өзбекстанга кайткан алты эмгек мигранты 12-13 жылга эркинен ажыратылды. Аларга тыюу салынган уюмдарды түзгөн жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы аракеттенген деген оор айыптар тагылды.

24-декабрда Ташкенттин облустук соту Норвегияда эмгек миграциясында жүрүп, ушул жылдын жазында Өзбекстанга кайткан Шухрат Илхомов, Даврон Рахмонов, Асад Рихсиев, Жахонгир Тожиев, Зафар Каримов, Ахмаджан Холиковду 12-13 жылдан эркинен ажыратты.

Айыпталуучуларга Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 244 (тыюу салынган уюмдарды түзүү) жана 159 (Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө каршы аракет кылган) беренелери боюнча айып тагылган.

12 жылга эркинен ажыратылган Шухрат Илхомовдун жубайы Дилноза Илхомова сот процессинде айыпталуучулар Норвегияда Сирияда согушуп жүргөн террорчулар жөнүндө видеолорду көрүшкөнүн моюндарына алганын айтты. Ал эми тыюу салынган уюмдарды түзүү, террорчуларга кошулуу максатында даярдыктан өтүү, бачабаздык кылган деген айыптарды толугу менен танышкан.

- Алар бардык коюлган айыптарды четке кагып, болгону видеолорду көрүшкөнүн моюндарына алган. “Билбегендиктен интернет аркылуу видеолорду көргөнбүз, андан башка мыйзамсыз эч кандай аракет кылган эмеспиз” деп атышат. Сотто өткөн күбөлөр дагы “эч кандай өкмөткө каршы аракеттер болгон эмес. Андан башкасын тергөөчү өзү кошуп койгонун” айтышты – дейт айыпталуучулардын биринин жубайы Дилноза Илхомова.

Ташкенттик укук коргоочу Елена Урлаева соттолгон алты киши Норвегияда бир нече жыл эмгек миграцияда жүргөндөн кийин 2014-жылдын жазында өз мекенине кайтканын айтат. Июль айында укук коргоо органдары камакка алгандан кийин алар кыйноолорго дуушар болгон. Андан соң өздөрүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбур болушкан.

- Жигиттерди аёосуз кыйнашкан, алты күн уйку беришкен эмес. Алар сотто кандай кыйноолорго тушукканын айтышып, жараланган тилдерин көрсөтүшкөн. Бирок прокурор да, сот дагы мындай фактыларга көңүл бурган жок. Анын ордуна алар тергөөчүнүн буйругу менен жазылган айыптарды моюнга алууга мажбурлашты, - деди “Азаттыктын” өзбек кызматына ташкендик укук коргоочу Урлаева.

Жогоруда аты аталган жарандардын иши сотто октябрь айынан бери карала башталган. Сот жараянына көз салган укук коргоочу Шухрат Рустамов соттолуучуларга жасалма кылмыш иши токулганын белгилейт. Аларга каршы 159-берененин колдонулушу туура эмес болсо дагы сот аны көңүлгө алган жок дейт укук коргоочу:

- Бул жасалма иш. Көбүнчө 159-берене туура эмес колдонулат. Бул берене кандайдыр бири аракет жасалганда колдонулат. Диний уюмдун ишине аралашканы үчүн аны колдонууга болбойт. Маселен, 159-берене бийликтин түзүлүшүнө кол салган, коркунуч жараткан адамдарга гана колдонулууга тийиш. Булар өздөрүнө жакпаган адамдарга каршы бул беренени колдонуп калышты.

Сот процесси жүрүп жаткан маалда эле «Өзбекстан» телеканалы “жихадчы-бачабаздарды” катуу сындай баштады. 11-декабрда аталган телеканалдын “Чыккынчы” деген берүүсүндө 37 жаштагы Шухрат Илхомов, 30дагы Даврон Рахмонов, 28деги Асад Рихсиев, 38 жаштагы Жахонгир Тожиев, 29дагы Зафар Каримов жана 34төгү Ахмаджан Холиков жөнүндө баяндалат. Телеканал сот өкүмү угула электе эле айыпталуучулар Норвегияда жашыруун экстремисттик топко мүчө болгон, аларга Осло шаарындагы Абдуваид деген имам башчылык кылган деп жарыялады.

“Өзбекстан” телеканалы качкын макамын алган өзбекстандык жарандарды диний экстремист, жихадчы жана бачабаз деп айыптагандан кийин Норвегия качкындарды депортациялоону токтоткон. “Борбор Азиядагы адам укуктары” уюмунун маалыматына караганда Норвегиядан Өзбекстанга кайткан 18 киши кысымга кабылып куугунтукталган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG