Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:21

Өзбекстанда коронавирус жуккан бир адам каза тапты


Өзбекстандагы дезинфекциялоо иштери.
Өзбекстандагы дезинфекциялоо иштери.

Өзбекстандын Наманган шаарында коронавирус жуккан 72 жаштагы байбиче каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аял бул илдетке чалдыкканга чейин башка оорулардан да жабыркап келген. Маркум коронавирусту Түркияга барып келген кызынан жугузуп алганы маалым болду.

Өзбекстандагы баш калаа Ташкенттен кийинки эле чоң шаар Намангандагы жол каттамдары илдеттин жайылышын ооздуктоо максатында жабылды.

Коңшу мамлекеттин бийлиги вирус 11 дарыгерде аныкталган соң ооруга чалдыккан бейтаптар менен иштешкен бардык медицина кызматкерлерине кошумча акча төлөнөрүн билдирди.

Ага ылайык, ар бир эки апта сайын 2,5 миң медайымдар жана лаборатория кызматкерлери 1500 доллардан, калган кызматкерлер 500 доллардан алат.

Ал эми бейтапты дарылап жатып, коронавирус жугузуп алган ар бир медициналык кызматкерге 10 миң доллардан бир жолку төлөм каралат.

Өзбекстан бардык чек араларын жаап, элди көчөгө чыгардын алдында беткап кийүүгө милдеттендирди.

27-мартка карата бул өлкөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 75 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG