Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Өзбекстан: Жабык сот, жашыруун өкүм


Өзбекстанда адам укугун коргоочу уюмга мындан дээрлик бир жыл мурда аяктаган жашыруун сот жараяндын биринде чыгарылган өкүм белгилүү болду. Узак мөөнөткө соттолгон 14 киши Ташкенттин имамынын өмүрүнө кол салды жана милициянын полковнигин өлтүрдү деп шектелгендер.

Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобу деген уюм Ташкенттин облустук соту тарабынан “жабык режимде жана жашыруун” өткөрүлгөн жараяндан кийин былтыр 4-мартта соттолгон 14 адамдын тизмесин жарыялады.

Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун башчысы Сурат Икрамов “Азаттыкка” курган маегинде сот өкүмдөрү эмне үчүн бир жылдан бери ачыкталбай келгенинин жүйөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Сот жараяндары Ташкент шаарынын сыртында, Ташкент облусунун шаарлары менен райондорунда өткөн. Соттолгондордун туугандары жалдаган адвокаттарды тергөөгө да, сотко да катыштырышкан эмес. Жараянда мамлекет берген гана адвокаттар болушкан.

Сот абдан жашыруун өткөндүктөн, биз анда өкүмдөрдү ала да, таба да алган эмеспиз. Соттолгондордун жакындары азыр деле аларга канча жыл берилгенин, жаза мөөнөтүн кайсыл колонияда өтөп жатышканын билишпейт.

Анвар Кары Турсунов (ортодо)
Маалыматка караганда, эң улуусу 51 менен эң кичүүсү 26 жаш курактын ортосундагы 14 адам 13 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Алардын ар бирине Өзбекстандын Кылмыш Кодексинин 22 беренеси, анын ичинде “атайлап адам өлтүрүү”, “терроризм”, “улуттук, расалык, этникалык же диний кастыкты козутуу”, “Өзбекстан республикасынын Конституциялык түзүлүшүнө кол салуу”, “коомдук бирикмени же диний уюмду мыйзамсыз түзүү” деген беренелери боюнча айып коюлган.

Соттолгондор Ташкент шаарынын имам хатиби Анвар Кары Турсуновдун өмүрүнө кол салган жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Хасан Асадовду өлтүрүүгө тиешеси бар деген шек менен 2009-жылдын сентябрь-октябрь айларында камакка алынгандар.

Адвокаттар белгисиз, көчүрмө дайынсыз

Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгелүү тобунун эсебинде, 2009-жылдын июль-август айларында катталган жогорудагы кылмыш иштери боюнча ошол жылдын күзүндө 200дөн ашык адам кармалып, камакка алынган.

Кийин тергөөгө жана сотко алардын 84ү кириптер болгон. Аталган уюмдун маалыматында белгиленгендей, соттолгондордун баары Ташкент облусунун Кибрай районун жана Ташкент шаарынын тургундары. Тергөө учурунда оң көрсөтмө бериши үчүн кыйноого алынышкан.

Сурат Икрамов
Укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде былтыр март айында соттолду деп эсептелген 84 кишинин бир сотто иши каралган 14нө чыгарылган өкүмдүн көчүрмөсүн өз булактары аркылуу эми гана ала алышканын кошумчалап, өкүмдү учурунда бербөө Өзбекстандын сот системасында кеңири жайылган көрүнүш экендигин белгиледи:

- Бул азыр системага кирип калды. Өзгөчө акыркы кездери динге ишенгендер камакка алынган учурларда жашыруун соттор өтүүдө. Маселе адвокаттар мамлекеттик экендигинде жатат.

Соттолгондордун туугандары жакынынын адвокаты ким экенин билбейт. Бул бири жагы. Экинчи жагы менимче ал адвокоттарга деле өкүмдү колуна бербейт өңдөнөт.

Анткени мага белгилүү болгондой, атүгүл мамлекеттик адвокаттар соттолуп жаткандарды коргоо үчүн керек болгон айыптоо кортундусун да алар сот залына келгенде гана берип, кайра жараян аяктаган кезде, күндө кайтарып алып турушкан. Жараян ушунчалык жашыруун болгон.

Сурат Икрамов “Азаттыкка” курган маегинде ага катар алардын уюму калган жетимиш адамдын иши боюнча да сот өкүмдөрүнүн көчүрмөсүн табуу аракетин улантып жатканын кошумчалады.

Укук коргоочу ырастагандай, соттолуп кеткендердин алардын кылмышка тиешеси жоктугун айтып келишет:

- Алардын баары соттолгон. Менимче ошончо эле жылга. Билесизби алардын ар бирине Кылмыш кодексинин 22 беренеси боюнча айып коюшкан.

Бирок алардын мага кайрылган жакын туугандары бул киши өлтүрүү менен кол салууга алардын такыр тиешеси жоктугун айтып жатышат. Кармап кетишкенден кийин териштирип, бошотот деп ишенишкен. Бирок андай болгон жок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG