Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Өзбекстанда байдын малы таламайга түштү


Ахмадбай Турсунбаевге берген акчасын талап кылып үйүнө келген адамдар.
Ахмадбай Турсунбаевге берген акчасын талап кылып үйүнө келген адамдар.

Өзбекстанда 40 миңдей адамдын акчасын алып, каржы пирамидасын түзгөн Ахмадбай Турсунбаев камакка алынды. Анын үйүнөн табылган акчаларды милиция оор жүк ташуучу унаалар менен ташып кетти. Калган мүлкү элдин таламайында калды.

Акчаңарды жүз пайыз үстөгү менен кайтарам деп 40 миңдей адамдын ири суммадагы акчасын топтоп алган Ташкендин Чиноз районунун тургуну Ахмадбай Турсунбаев 15-июнда камакка алынды.

Өзбекстандын Чиноз райондук милициясы аны менен кошо дагы 14 адамды кармады. Милиция Ахмадбайдын үйүн жана кеңсесин тинтип, табылган акчаларды оор жүк ташуучу эки машинеге жүктөп, банкка өткөрүп беришти. Аны өткөрүп алуу үчүн Өзбекстандагы Калк банктын 40 кызматкери 2 миллион долларга барабар өзбек сумун жана 8 миллион америка долларын түн жарымына чейин санап отурушканы эл арасындагы уу-дууну күчөттү.

Өзбекстанда Ахмадбай “пирамидасы” кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Акчасын издеген адамдар

Бул арада Ахмадбайдын камакка алынганын угуп, ага акча берген адамдар Өзбекстандын ар кайсы облустарынан чогулуп келе баштаганы белгилүү болду. Алар акчасын кайтарууну туугандарынан талап кыла башташты. Милиция Ахмадбайдын үйү жана малканасы жайгашкан Алмазар айылына барчу жолду жети жеринен атайын көзөмөл бекеттерин орнотуп тосконуна карабай, топтолуп келген эл Ахмадбайдын фермасындагы миңден ашык буканы өздөрү каалагандай бөлүп кетишти.

- Мына, мына. Ахмаддын фермасы таламайга түштү. Мен дагы үч букасын алып койдум. Пулубузду бербесе эмне кылабыз анан.

Ахмадбайдын талоонго түшкөн фермасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

100% үстөк убада кылган Ахмадбайга миңдеген тургундар үйлөрүн жана автоунааларын сатып акчасын же машиналарынын өзүн алып келип беришкен. Каржы пирамидасын түзгөн Ахмадбайдын кармалганы тууралуу жергиликтүү телеканалдар адеп көрсөткөндөн кийин 17-июнда эртең менен Ташкендин Сыргалы базарын да доочулар басты. Алар базардын Ахмадбайга тиешелүү бөлүгүндө турган жүздөн ашык жеңил машиненин бир нечесин айдап кетишкен. Ал окуядан кийин жергиликтүү милиция унаа базарды да коргоого алды.

Бул арада Ахмадбайга ири суммада акча берген адамдар арасында жүрөк оорусу менен бейтапканага түшкөндөрдүн саны өскөнү да айтылууда. Алар Ахмадбай камалып калса, акчаны ким кайтарып берет деп сарсанага түшкөндөр. Көрсө, ири суммадагы акчаларын Ахмадбайга карматкан жарандардын саны күтүлгөндөн кыйла көп болуп чыкты. Маалыматтарга караганда, 40 миңдей адам Ахмадбай аркылуу акчасын көбөйтүүнү каалаган.

Кеч "ойгонгон" милиция

Учурда Чиноз райондук милициясы Ахмадбайга алдамчылык, чет элдик валютаны мамлекеттен жашырып сактоо деген сыяктуу алты-жети айыпты тагууда. Жергиликтүү тургун Абдрахман Ташанов ири алдамчылыктын алдын алууга жергиликтүү милициянын шашпаганын айтат.

- Зыян тарткандар көп. Мисалы, бирөө 100 миллион сумга короо-жайын сатып, акчасын Ахмадбайга берген экен. Ал элден акча алып жатканда эч кандай документ колдонгон эмес. "Буюрса акчаңызды 100% көбөйтүп аласыз" деп колуна теңге карматчу. Милиция муну мурда эле тыйганда элге зыяны тиймек эмес. Бирок алар койду семиргенде соёбуз дегендей мамиле кылышты окшойт.

Акыркы учурларда Ахмадбай интернат, балдар үйүнө жардам берген меценаттык иштери менен да элге белгилүү боло баштаган. 38 жаштагы ишкер Ахмадбай Турсунбаев мурда касапчылык менен аймакка аты чыккан. Кийинчерээк "акчаңарды 100% үстөгү менен кайтарам" деп, элден акча чогултуп, Өзбекстанга белгилүү каржы пирамидасын түзгөн. Азырынча милиция Ахмадбайдан алынган акчаны ээлерине кайтарып берер же бербесин ачык айта элек.

XS
SM
MD
LG