Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Ислам Каримов 29-мартта "ат алмаштырбайт"


Ислам Каримов президенттик шайлоо оюнун бул ирет кандай өткөрөрү үч ай ичинде айкын болот.
Ислам Каримов президенттик шайлоо оюнун бул ирет кандай өткөрөрү үч ай ичинде айкын болот.

Быйыл 29-мартта Өзбекстанда президенттик шайлоо болот. Ислам Каримов турганда өлкөдөгү башы көрүнгөн жетекчилерден кимдир бирөөнүн даап өзүн президентке талапкер көрсөтөөрү күмөн.

Ушундан улам“Кечүүдө ал алмашпайт” деген кепти жакшы көргөн президент Каримовбирден бир күчтүү талапкер катары өлкөнү дагы беш жыл башкарууга элден ырасмий мандат алышы мүмкүн.

27-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү ырасмий түрдө башталды. Азырынча саясый жарышка түшчүлөрдүн бири да өз ниетин ачык билдире элек. Эгер акыркы эки президенттик шайлоонун тажрыйбасын эске алсак, бул ирет да Ислам Каримовдон чылбыр талашчу көй кашка инсандардын чыгарына көп ишенич жок. Себеби, мурдакы СССР Эл депутатыПулат Акун баамдагандай,чейрек кылым өлкөнү чеңгелинде бекем кармаган Каримов андан жүгөн талашчу адамдарды “баш көтөртпөй” жок кылгандын механизмин мыкты билет:

-Каримов өз карьерасын бийликтин эң төмөнкү тепкичинен баштагандыктан мансапты колдон качурбоонун технологиясын абдан жакшы үйрөнгөн. Анысын пайдаланып, өзүнө каршы чыгышы же бийлигине коркунуч жаратышы мүмкүн адамдарды ырааттуу жок кылып келген. Ошондуктан өзбекстандыктар азыр бир да күчтүү саясатчыны билбейт. Андай адамдар болсо, иштен алынат же жок кылынат.

И. Каримов өз атаандаштарын ирдетпей жок кылууну 1990-жылы мартта Өзбек ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан президент шайлангандан кийин эле баштаган. 1991-жылкы президенттик шайлоодо ага чакырык таштаган белгилүү акын Мухаммед Салых “мамлекетке чыкынчылык кылды” деп айыпталып, өлкөдөн качып кетип жанын сактап калган. Башка бир болочок тизгин талашчу адам- Шүкүрулло Мирсаидов вице-президент кезинде кызматын кыянат пайдаланып, казынага 5, 6 млн доллар чыгым келтирген деп, мүлкүн конфискакациялоо менен үч жылгасоттолгон.Мирсаидов 1991-жылкы жалпы элдик президенттик шайлоонуальтернативдүү өткөрүүнү талап кылган жанаКаримовду 1991-жылы 19-августта ГКЧПны колдогон деп сындаган 200дөй депутаттын ачык катынын уюштуруучу деп шектелген.

Мындай куугунтуктоолордон кийин Ислам Каримов 1995-жылы референдум аркылуу бийлик мөөнөтүн беш жылга узаркан. Ал2000-жылы январда 92 % добуш менен кайра шайланат. Ошондо жалгыз атаандашы Абдулхафиз Жалалов шайлооканадан чыгар менен Ислам Каримовду колдоп добуш бергенин жарыя кылган.

2007-жылкы шайлоодо Каримовго бийлик өзү кошкон талапкерлер: парламент төрагасынын эки орун басары жана өкмөттүн карамагындагыАдам укугу боюнча улуттук борбордун мүдүрү атаандаш болушкан. Бул үч талапкердин бири дагы эч качан Каримовдун атына кыпындай да сын сөз айтышпаган. Эл аралык уюмдар 2007-жылкы шайлоо да жети жыл мурдакыдай эле калыс өтпөгөнүн айтып сындашкан.

Соңку жылдары Швецияда жашаган Пулат Акундун баамында, 2015-жылдын 29-мартындагы шайлоодо кайрадан эле Ислам Каримов жеңип чыгат. Себеби, 77 жаштагы “раис” бийликти башка бирөөгө ыраа көрбөйт жана башка бирөөгө калтыргандан коркот , дейт оппозициядагы өзбек саясатчысы:

-Ал бийликти аябай жакшы көрөт жана Өзбекстандагы эң жогорку мамлекеттик кызматты башка бирөөгө берейин деген ниети жок. Каримов бир нече кылмыш жасады. Мисалы, Анжиянда тынч демонстрацияга ок атылып, көп адам өлдү. Эгер Каримов президенттиктен кетсе, жоопко тартылышым мүмкүн деп коркот. Көптөгөн бейкүнөө адамдар репрессияланды, түрмөгө отургузулду. Кыйноолордон өлдү. Бул үчүн жоопко тартылышым мүмкүн деген кооптонуу Каримовдун өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин президенттик орунда турушуна себеп болушу мүмкүн.

2005-жылкы Анжияндагы коогалаңда, ырасмий маалымат боюнча,187 адам өлгөн. Бирок адам укугун коргоочулар жана күбөлөрдүн ырасташынча, аскерлер курал элге чыгарган октон 700дөй жаран курман болгон.

Өзбекстандын конституциясы боюнча бир адам эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт. Ошон үчүн Каримовдо кезектеги шайлоого катышууга укугу жок. Бирок, 2014-жылы 15-майда Самаркандда болгон эл аралык илимий жыйында Каримов чет элдик дипломаттар жана окумуштууларга кайрылып: “Мени бийликте узактан бери отурат деп сындашат. Сындай беришсин, мен баари бир калам. Сындай беришсин, мен баари бир ишимди улантканды каалайм. Мунун эмнеси жаман?” деген жанаУлугбек 40 жыл ашык бийликте отурганын мөөр баскандай алардын эсине салган.

"Жагдай ушундай болуп калды, –дейт мурдакы СССРдин эл депутаты Пулат Акун.- Каримов ар жолу президенттик шайлоо жакындаганда эле кечүүдө атты алмаштырбайт деген сөзүн кайталайт. Биз 25 жылдан бери кечүүдөн өтүүдөбүз. Ислам Каримовдун Өзбек элин бул жээктен экинчи жээкке өткөрөйүн деген ниети барбы же жээкке чыгарам деп, дарыянын ортосунда чөктүрүп жибереби?"

Ислам Каримов президенттик шайлоо оюнун бул ирет кандай өткөрөрү үч ай ичинде айкын болот.

XS
SM
MD
LG