Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Гүлнара Каримова "Твиттерден" жооп кайтарды


Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара жана анын колдоочулары “Твиттер” социалдык тармагында коррупцияга байланышкан соңку көлөмдүү макаланы активдүү талкуулашты.

22-майда “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы Швециянын коомдук SVT телеканалы менен биргеликте Швециянын TeliaSonera ири компаниясы менен президент Каримовдун кызы Гүлнара арасындагы “алыш-беришти” ашкерелеген жаңы далилдерди камтыган журналисттик иликтөөнү жарыялаган.

Макалада Гүлнара Каримованын чөйрөсү деп шектелген тарап - TeliaSonera тийиштүү өкмөттүк мекемелерден тез каттоодон өтүүсү жана жаңы кардарларды алуусу үчүн акча (пара) төлөөнү талап кылгандыгы жазылат жана жаңы документтер менен тастыкталат.

Буга чейин да Швециянын SVT телекомпаниясынын Uppdrag Granskning (Миссия: Иликтөө) программасынын журналисттери TeliaSonera компаниясынын былыктарын коомчулукка ачкан берүүлөрдү көрсөткөн.

Азыр TeliaSonera 2007-жылы Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн президент Каримовдун кызы Гүлнарага 300 млн. долларга чейин пара берген деп шектелип, иши тергөөдө. Швеция менен Швейцариянын сот органдары болсо Гүлнара Каримовага таандык деп шектелген Takilant компаниясына кылмыш ишин козгогон. Takilant паракорлукка жана арам акчаны адалдаштырууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

TeliaSonera компаниясынын Өзбекстандагы ишмердүүлүгү териштириле баштагандан улам компаниянын башкы аткаруучу директору Ларс Нюберг 1-февралда кызматтан кеткен.

Жаңы документтердин арасында орус тилиндегилери жана Гүлнара Каримовага жакын адамдын колунан жазылган көрсөтмөлөр да бар. Мунун баарын швециялык журналисттерге Александр аттуу адам интернет аркылуу байланышка чыгып жөнөткөн.

Гүлнара Каримова массалык маалымат каражаттарына сейрек маек курат, бирок өзүнүн “Твиттердеги” аккаунтунда айрым убактарда активдешип калат. Гүлнара айым өз аккаунтунда ага сын жазгандарды дароо кара тизмеге киргизгени менен да белгилүү, ошондуктан анын аккаунтунан мактоо сөздөрүн гана окуй аласыз.

“Азаттыктын” макаласына Каримова “Твиттер” аркылуу түз жооп кайтарбаса да, дагы бир жолу “Өзбекстандын душмандары” тууралуу өз оюн кайталады.

“Озодлик” ("Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын өзбек кызматы) жогору жактан Гүлнара Каримованын атын каралоого түз буйрук алган” деген ойду @meclarck деген колдонуучу жазган, аны Гүлнара Каримова ретвиттеген.

@UlushMirab деген ат менен жазган адам “Гүлнара Каримова алардын акчасына сатылбаганын, ошондуктан ага басым жасоо өтө күчтүү болуп жатканын” божомолдойт.

@GulnaraKarimova ага жооп катары: “Ооба, болгондо да кандай басым! Бирок бул күлкүлүү. “Озодлик” жана кайдагы бир швед компаниясы “ата-эне” бири- бирине байланыш ишканалары”, - деп жазат.

@RasidJamamurato Гүлнара Каримовага "Өзбекстан үчүн геосаясий жактан күрөшүп жаткандарга акылсыз жана тил алчаак адам керек”, - дейт.

“Твиттерден” сырткары Гүлнара Каримова коррупциялык айыптоолор боюнча эч бир массалык маалымат каражаттарына комментарий берген жок.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG