Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

«Mercy Corps» эл аралык уюму Өзбекстанга кайтты


«Mercy Corps» уюмунун эн белгиси.
«Mercy Corps» уюмунун эн белгиси.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги эл аралык «Боорукерлик корпусу» («Mercy Corps») өкмөттүк эмес уюмунун филиалын каттоодон өткөрдү.

Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан уюмдун башкы максаты - Өзбекстандагы шаардык жана айылдык тургундардын жашоо шартын жакшыртыш үчүн мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө.

«Mercy Corps» уюму 2020-жылдан 2025-жылга чейин коңшу мамлекеттеги балдардын тамагына байланыштуу долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Аны АКШнын Айыл чарба министрлиги каржылайт.

Аталган уюм Өзбекстанда 1995-жылдан 2006-жылга чейин иш жүргүзгөн. 2005-жылы уюмга салык кызматынан кирешеси тууралуу маалыматты жашыргандыгы боюнча айып тагылган. Уюм бул иш боюнча сотто утуп чыкканына карабай, Ташкенттеги бөлүмү жабылып калган.

XS
SM
MD
LG