Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ташкен: эрте майрамдалган Нооруздан эл кабарсыз калды


Өзбек президенти Ислам Каримов Нооруз салтанатында бийлеп жатат. Ташкен, 22-март, 2012
Өзбек президенти Ислам Каримов Нооруз салтанатында бийлеп жатат. Ташкен, 22-март, 2012

Бардык Борбор Азия өлкөрүндө көпчүлүк күткөн жазгы жаңылануу, же Нооруз майрамы 21-мартта майрамдала баштайт. Тажикстанда майрам бир жумага, Казакстанда үч күнгө созулат. Ташкенде жаан-чачын болот деген себептен улам, Нооруз майрамы 19-мартта күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында уюшулду.

Ташкендеги Алишер Навои атындагы улуттук паркта Нооруз майрамы адаттан тыш эртерээк, 19-март күнү музыка, ыр-күүнүн коштоосунда майрамдалып жатканын карапайым ташкендиктер ал жерди тегерете тизилген полициячылар менен жабылып-буулган жолдордон улам боолгосо болот. Антпесе, бул ташкендик такси айдоочу ал жерде кандай иш чара өтүп жатканынан кабарсыз.

- Жолдор жабык турбайбы. Жолдордо машинелер жүрбөй атат го... Өтмөктөрдө ар бир машинени токтотуп, багажды текшерип, анан өткөрүп жатышат.

Эки күн эрте майрамдалган Нооруз. Ташкен, 19-март, 2014




Ички иштер министрлигинин өкүлү соңку эки күндөн бери башкалаадагы автовокзалдар жарым-жартылай иштеп, Өзбекстандын башка шаарларынан автобус каттамдары убактылуу токтотулганын айтат.

- Азыр шаарлар ортосунда жүргөн автобустар каттабай калды. Автобуссуз тирилик өтпөй калмак беле? Көрсөтмө болгончо шаарга автобус киргизилбейт. Жетекчилик баланча күнү ачкыла десе, алар үчүн жол ачылат. Шаар ичинде жеңил машинелер жүрүүдө. Самарканд - Ташкен, Сурхандарыя - Ташкен, Каракалпакстан - Ташкен, Каршы - Ташкен шаарлары ортосунда автобус каттабайт. Шаарлар аралык автобусту качан жүргүзгөндү жетекчилик чечет. Эртең каттай башташы мүмкүн.

Эмне үчүн Өзбекстанда Нооруз майрамы башкалардай 21-мартта эмес, 19-мартта өткөрүлдү деген суроого расмий жетекчилер ага аба ырайы күнөөлүү дешсе, Ташкендеги Гидрометеорологиялык борбордун өкүлү бул маалыматты бышыктайт:

- 21-мартта Ташкенде жамгыр жаайт. Жума бою аба ырайы ушундай жаанчыл болоору күтүлүүдө. 19-мартта бир гана күн кургак болду, бирок кечинде күн бүркөлүп, жамгыр башталышы мүмкүн. Ошол себептен улам майрам бүгүнкүгө которулду.

Ошентип, аба ырайына байланыштуу Өзбекстанда быйыл Нооруз расмий түрдө 19-мартта майрамдала баштады. Ташкендиктердин көбү бирок, эмне себептен бул күнү башкалаадагы метронун Навои паркы тарапка чыгуучу канаттары жабылып, бекилүү турганын аңдабады. Полициячылар казкатар тизилип кайтарган парктагы салтанатта өзбек президенти Ислам Каримов интернеттеги маалымат агенттиктери кабарлагандай, элди Нооруз майрамы менен куттуктап, баарынан башкысы – тынчтыкта жашоону каалады. Украина, Крымдагы окуяларды оозанбаганы менен, “Биздин журтубуздун тилеги эмне? Мамлекетебизде, коңшулаш элдерде, бүткүл дүйнөдө тынчтык, ынтымак өкүм сүрүшү, кээ бир жерлерде болуп жаткан тирешүү, карама-каршылыктар аскердик, же күч колдонуу менен эмес, жалаң саясий сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салынышын каалайбыз”, - деген тилегин жолдоду өзбек президенти майрамдык маанайда.

Ташкендиктердин көбү шаар борборундагы улуттук паркка калың эл кире албай, ал жерде өлкө башчысы Нооруз майрамын белгилеп жатканынан кабарсыз калганы, тегерете жолдор жабылып, машине-автобустар текшерүүгө алынганы – көпчүлүк үчүн көнүмүш адатка айланган, - дейт өзбек журналисти Абдурахман Ташанов.

- Өзбек өкмөтү, ички иштер министрлиги жана башка күч органдары тарабынан антитеррордук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагында Ташкенде каттоосу болбогон, жашоого уруксаты жок адамдар кармалып, райондорго жөнөтүлүүдө. Бул эми шектүү адамдардан, селсаяк жана ууру-кескилерден сактануу. Буга өзбекстандыктар табигый көрүнүш катары көнүп да калышты. Демейде мындай иштер Нооруз майрамы алдында, Күнкорсуздук майрамы алдында милиция үймө-үй кыдырып, паспорт режимин текшерүү иретинде жүргүзүлөт. Муну акыркы кезде бийлик өзү да жаап-жашырбай калды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын кабарчысы даярдаган материалдан которулду.

XS
SM
MD
LG