Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Өзбек аткаминерлеринин тиреши күч алды


"Туркестан" резиденциясы
"Туркестан" резиденциясы

Ташкенттеги бекем кайтаруудагы резиденцияда кыздар менен чардап жаткан прокуратура жана атайын кызматтын адамдары кармалды. Окуядан кабардарлар рейдди эки таасирдүү аткаминердин кезектеги тиреши катары баалашууда.

Uzmetronom интернет басылмасы өткөн ишемби түнү Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Ташкенттеги “Түркестан” мамлекеттик резиденциясынан 32 адамды кармаганын жазды.

Алар резиденциядагы коттеждерде кыздар менен чардап жатканда кара беткапчандар басып кирип, Ички иштер министрлигине алып барып, тийиштүү көрсөтмө алышкан.

Uzmetronom муну ишенимдүү булакка таянып жазды деп ынандырат интернет басылманын редактору Сергей Ежков:

- Алар орто звенодогу прокурорлор жана атайын кызматтын адамдары болгон. Алар кызматтык укуктарын колдонуп, жабык жай эсептелген резиденцияга кирип, махабат жыргалына батып турушкан. Комплекс бийик дубалдар менен курчалган, ичинде карагай токоюнун арасында коттеждер да бар. Рейд дал ошолордо жүргөн.

"Туркестандагы" рейд Рустам Иноятовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүшү мүмкүн
"Туркестандагы" рейд Рустам Иноятовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүшү мүмкүн

Ошондой эле Uzmetronom айрым коттеждерде үй камагындагы өзгөчө маанилүү, мисалы, президенттин кызы Гүлнара Каримова сыяктуу айыпкерлер кармаларын жазат.

Резиденция президенттин иш башкармалыгына карайт. “Азаттыктын” өзбек кызматынын атын атагысы келбеген бийликке жакын маалымат булагы рейд болгонун ырастап, анда Хайдаровдун өзү бутага алынышы мүмкүн дейт:

- Зелимхан Хайдаров менен атайын кызматтын жетекчиси Рустам Инаятовдун мамилелери башынан начар. Өткөн жылдан бери такыр эле кырдыбычак болуп калышты. Анда Зелимхан өз кишисин бийик кызматка коймок болуп, Инаятов аны кайра артка кайтарган. Зелимхан тынчып калбай, аброю зор канал аркылуу Инаятовго басым жасап, көздөгөнүнө жеткен. Анан чатак ырбады. “Түркестанда” аягы суюктук дайыма болуп келген, анткени ал СНБчылардын такай чогулган уюгу болчу. Буга чейин үн катпай келип, капыс эле резиденцияны текшерүү кимдир бирөөлөргө керек болуп калды.

Зелимхан Хайдаров (солдо) жана өзбек журналисти Шароф Убайдулаев
Зелимхан Хайдаров (солдо) жана өзбек журналисти Шароф Убайдулаев

Коттеждерди көңүл ачуучу жайга айланткандардын бети ачылышы менен Зелимхан Айдаров иштен кетпеши мүмкүн. Бирок кандай гана болбосун окуя анын беделине шек келтирип, ал колдогон адамдардын кызматта калышы кыйындайт деп бийликтин көшөгө артындагы оюндарынан жакшы кабардар Uzmetronom басылмасы боолголойт.

70теги Хайдаров президент Ислам Каримов менен СССРден тарта чогуу иштеген. 90-жылдардан бери иш башкармалыкты жетектеп, чейрек кылымда өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланды.

Аны менен курбалдаш, өмүр бою атайын кызматта иштеген Рустам Инаятовдун таасири да өлкөдө өтө зор. Ал күч түзүмдөрүндөгү жетекчи топтун лидери.

XS
SM
MD
LG