Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору камакка алынды


Рашид Кадыров.
Рашид Кадыров.

22-февралда Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров камакка алынды. Бир нече булак, анын ичинде прокуратуранын өзүндөгү адамдар "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына бул маалыматты бышыктады. Бирок башкы көзөмөл органы расмий тастыктай элек.

Экс-прокурор Рашид Кадыров бир нече жыл өзү жетектеген мекеменин имаратында сурак берип жатканын, аны менен кошо дагы эки прокурор кармалганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын атын атабоону өтүнгөн кызматкери билдирди.

Дагы бир булактын ырастоосунда, экс-баш прокурорго "ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү кымырып алган" жана "чет өлкөдөгү банктар аркылуу арам акчаны адалдаган" деген айыптар коюлуп жатат.

22-февралдын кечинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Кадыровдун камакка алынышы жөнүндө кабарды тастыктай да, төгүндөй да ала албасын кабарчыбызга билдирди. Мунун алдында экс-баш прокурордун уулу, 42 жаштагы Алишер он чакты күн мурун өлкөдөн качып кеткени тууралуу бейрасмий кабарлар тараган.

66 жаштагы Кадыров бул жогорку кызматты 15 жыл жетектеп, 2015-жылдын апрель айында иштен алынган.

Былтыр августта президент Шавкат Мирзиёев жыйындардын биринде прокуратураны катуу сындап, прокурорлорду "эң чоң уурулар" деп атаган. Ысымын айтпаганы менен, мамлекет башчы бул тармактагы кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти мурдагы башкы прокурорго жүктөгөн:

- Биз жаңы баш прокурорду дайындадык, кызматкерлердин 80 пайызын кетирип, прокуратура органдарын "таштандылардан" тазаладык. Бирок баары бир прокуратурада буга чейинки уурулар системасынан калган кишилер бар. Биз прокуратураны андай кишилерден аягына чейин тазалайбыз.

Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалыматтар да бар. "Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын журналисттери ал өзү жана үй-бүлөсү Латвиядагы кымбат баалуу мүлккө ээ деген документтер менен таанышып чыгышкан. Кээ бир булактар ошондой эле Ташкент облусундагы медициналык товарларды чыгарган "Asia Trade" ишканасынын негиздөөчүсү Кадыровдун баласы Алишер болчу деп айтып беришкен.

Экс-прокурор Ташкенттеги Улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Он чакты жыл коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүндө иштеп, 1992-жылы эгемен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары болуп дайындалган. Эки жылдан кийин эле башкы прокурордун орун басарлыгына өткөн. 2000-жылдан тарта Башкы прокуратураны жетектей баштаган. Бул кызматты эки мөөнөт ээлеп, 2010-жылы парламенттин чечими менен үчүнчү мөөнөткө калтырылган.

Кадыровдун атасы СССР мезгилинде Коммунисттик партиянын Анжиян облустук комитетинин катчысы болчу.

Президент Мирзиёев маркум президент Ислам Каримовдун тушунда орногон репрессивдүү саясатка чекит коерун айтып келатат. 31-январда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов кызматынан алынган. Ошондон кийин мамлекет башчы коопсуздук кызматынын ишмердигин 1930-жылдардагы сталиндик террор менен салыштырып, мекеменин ыйгарым укуктарын кыскартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG