Адатта Өзбекстанда да мамлекеттик майрамдарды, маанилүү даталарды утурлай абактагыларга мунапыс жарыяланат. Мындай чара Конституциянын 20 жылдык мааракесин утурлай да көрүлдү. Өлкө парламенти – Олий Межлистин жогорку палатасы – Сенат соңку мунапыс мыйзамын 5-декабрда жактырды.
Президент Ислам Каримов сунуш кылган ал мыйзамга ылайык, Конституция мааракесинин урматына алдыдагы үч айда абактан майда кылмыш жасагандар, аялдар, чет элдиктер, жашы он сегизге толо электер жана алтымыштан ашкандар бошотулат, же алардын жаза мөөнөтү кыскартылат. Бирок мунапыска кириптер болуучулардын саны белгисиз.
Адам укугун коргоочулар утур-утур кайталанып турган мунапыстар аркылуу, балким көп киши чыгарын, бирок саясий жүйөөдөн улам соттолгондор мындай жеңилдикке такыр кириптер болбосун айтып жатышат.
Укук коргоочулардын мындай пикирин Кокон шаарынын тургуну Насипа Уринованын сөздөрү да ырастап тургандай.
Ал “Азаттыкттын” өзбек кызматы менен маегинде абактагы 38 жашар уулу Дилмурад Уринов мунапыска туш келет деп 11 жылдан бери күтүп жатканына токтолду:
- Мен ар убак үмүт кылам. Башка эмне жасамак элем, бул жолу да балдар чыгабы деп үмүт кылып турам. Мунапыс жарыяланганы тууралуу жыл сайын айтылат, бирок ал биздин балдар үчүн болбойт. Мунапысты жалгыз эле мен эмес, миңдеген киши күтүүдө. Конституциянын 20 жылдыгынан улам мунапыс абдан көп кишиге берилерин баары эле сөз кылып жатышат. Бул ишке ашабы же жокпу, билбейм.
Насипа Уринованын уулу Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 159-беренеси боюнча соттолгон. Ал берене “мамлекеттик түзүлүшкө кол салуу” деп чечмеленет.
Өзбек бийликтери өлкөдө саясий айыпкерлер бар экендигин ачык моюнга алышпаганы менен “Хьюман Райтс Уочтун” Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлоу алар бул аныктамага кимдерди кошору тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:
- Биз бүгүн чыгарган документибизде бул термин өзүнө укук коргоочуларды, журналисттерди, саясий оппозиционерлерди, жазуучуларды жана ишмердиги бийликтер үчүн саясий катары көрүнгөн белгилүү дин адамдарын камтыйт деген тыянакка келдик. Аларды саясий жүйөөсү бар себептер менен соттошкон. Биз белгилүү адамдардын негизги тизмесине көңүл бурдурууга аракеттендик. Албетте, биз билбеген адамдар да бар.
“Хьюман Ратс Уочт” жарыялаган тизмеде 34 кишинин ысымы келтирилген.
Уюмдун пикиринде, саясий айыпкерлерди Конституция күнүндө бошотуу өлкө бийликтери өзгөрүүлөрдү көздөй нукура кадам таштаганынын далили болмок.
- Өкмөттүн расмий билдирүүлөрүндө, сөздөрүндө Өзбекстандын сот өндүрүш системасын либералдаштыруу жөнүндө көп айтылып жатат. Андыктан саясий айыпкерлерге мунапыс берүү ошол риторикага шайкеш келмек. Бирок тилекке каршы сөздөр абдан кооз болгону менен турмушка ашпай жатат.
Укук коргоочулар “саясий айыпкер” деп санагандардын саны Өзбекстанда канча экени так белгисиз.
“Хьюман Райтс Уочтун” өкүлү Стив Свердлоу “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюму өз иликтөөлөрүнүн биринде алардын санын 5-7 миң деп атаган.
Кеңсеси Францияда жайгашкан, “Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясы” деген уюмдун лидери Надежда Атаеванын айтымында, аларда 2000 миң саясий айыпкер тууралуу маалымат бар.
Бирок ал “Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу” институту менен маегинде белгилегендей, реалдуу сан мындан эки –үч эсе көп.