Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Өзбекстан: мугалимдерге жөжө айлык


Өзбекстандык жөжөлөр
Өзбекстандык жөжөлөр

Өзбекстанда мугалимдер айлыкты жөжө менен ала башташты.

Өткөн айдын маянасын Өзбекстанда мугалимдер менен дарыгерлер Сербиядан алынып келинген тооктун жөжөсү түрүндө алышты. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, Бухара вилаятынын Бобкент ооданында 20 миңден ашык жөжө таркатылды. Алдыдагы айларда дагы 40 миң жөжө айлыкка берилмекчи.

Өкмөттүн февралдагы жардыгы менен мамлекеттик кызматкерлерге айлыгынын бир бөлүгүн жөжө менен төлөө милдеттендирилген. Мындай чечим өкмөт област бийликтерин үй канаттууларынын санын, эт, жумуртка өндүрүшүн көбөйтүүгө чакыргандан кийин кабыл алынган эле.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, сербиялык жөжөнүн сапаты жергиликтүү жөжөлөрдөн жогору имиш. Мартта таркатылган жөжөлөр эки айда торолуп, май айында жумуртка бере башташы керек.

Бийликтердин ырастоосунда, айлыктын бир бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер өз каалоосу менен жөжө түрүндө алууда. Бирок айрым кызматкерлер "Азаттыкка" жөжө алууга мажбур болгондугун билдиришти. Көп кабат үйлөрдө жашагандарга айрыкча кыйын болуп жаткан экен.

32 жаштагы мугалим Адил мындай дейт:

- Бизге ар бирибизге ондон жөжөнү алууга милдеттендиришти. Ар бир жөжө 5500 сом, же 3 доллар турат. Бул жергиликтүү жөжөдөн кымбат. Баш тартуу мүмкүн болгон жок, жөжө алганга милдеттүү экенбиз.

Өзбек бийликтеринин оппоненттери өкмөт чыгымдарды кыскартуунун дагы бир аргасын тапты деп айтышууда.

Бирок бийлик өкүлдөрү жөжө өнөктүгү жакшы өтүп жаткандыктан, анын башка вилаяттарга да жайылтылаарын бышыкташты. Алтургай айлыктын бир бөлүгүн мал менен төлөө жагын ойлоп жатышат. Бул үчүн мисалы уйду Украинадан алып келишет экен. Көп кабат үйлөрдө жашагандар эми «каап, уйдун кереги жок эле, жөжө эле жакшы экен» дешет го...

XS
SM
MD
LG