Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Өзбекстан Түркиядагы жарандарын чакыртууда


Өзбекстандын эмгек мигранттары
Өзбекстандын эмгек мигранттары

Өзбекстанда коопсуздук органдары, милиция жана маале комитеттери Түркияда көптөн бери иштеген жарандарды мекенине кайтаруу өнөктүгүн баштады.

Бул үчүн алардын өлкөнүн ичиндеги туугандарын атайын кызмат менен милицияга чакыртып, каттап, андан соң түшүнүк кат жазууга мажбурлашканы кабарланууда. Бул өнөктүк туурасында расмий Ташкен эч кандай маалымат тараткан эмес жана мамлекеттик расмий агенттиктерде буга байланыштуу кабарлар дээрлик жок.

Маале комитеттери жанданганда...

Ташкендеги маале комитеттеринин биринен “Азаттыктын” өзбек кызматы алган маалымат боюнча Түркияга иштегени кеткен жарандар менен иш алып баруу жагы терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысы менен Ташкенден атын айтуудан айбыккан маале башчысы ага караштуу аймактан Түркияга кеткен алты адамдын үй-бүлөсү толук көзөмөлгө алынганын айтты:

- Биз алардын бардыгын каттоого алдык. Бул алты адам качан, кандай себеп менен Түркияга кеткени жана каякта жашап, эмне менен алектенери тууралуу маалыматтарды жыйнадык. Алар мурда эле биздин тизмеде бар болчу. Азыр эми терроризмге каршы иш-чаранын алкагында катуу текшерип, ал адамдардын туугандарынан кошумча маалыматтарды талап кылдык.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, Өзбекстандагы айрым маалелерде Түркияга кеткендерди алардын туугандары аркылуу тез арада мекенине кайтуусун талап кылган учурлар болгон.

Туугандары аркылуу мажбурлоо

“Азаттыктын” өзбек кызматына жазган катында Түркиядагы өзбекстандыктардын бири эмгек мигранттарынын көпчүлүгү мына ошондой катуу талаптан соң мекенге кайтууга аргасыз болушканын белгилеген:

- Биз сиздерге Түркиядан жазып жатабыз. Биздин Өзбекстандагы туугандарыбыз аларга маале комитеттеринен жана милициядан келишип, бизди тез арада мекенибизге кайтышыбызды талап кылышыптыр. Түркияда иштеген самарканддык, жизактык жана сурхандариялык балдардын бардыгы ошентип айтышты. Азыр туугандарынан чочулаган өзбекстандыктардын бардыгы үйлөрүнө сапар тартышууда.

Анткен менен Ташкендеги башка бир активисттер Түркияда иштегендерди артына кайтаруу талабы көптөн бери келбеген жарандарга карата гана коюлганын айтышууда.

Маалыматка караганда, андай учурларды чекисттер менен милиция таап чыгып, алардын туугандарынан түшүнүк каттарды жаздырышкан. Анткени атайын кызмат Түркияда көптөн бери дайынсыз жүргөндөр андан ары Сирияга өтүп кеткен учурлар бар экенин мисал келтирген.

Ошондой эле терроризмге каршы күрөштүн алкагында бардык мамлекеттик мекемелерде түнкү күзөттөр уюштурулган. Мурда каттоодо тургандар атайын кызматка чакыртылып, мурда соттолгон же диний чөйрөдөгү жарандарга карата көзөмөл күчөгөн. Коомдук жайларга киргендер тыкыр текшерилип, чет өлкөдөн келгендер суракка чакыртылган учурлар көбөйгөн.

Мындан сырткары “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалымат булактары билдиргендей, шаардагы интернет-кафелерге байкоо салынып, провайдерлердин ишмердиги катуу көзөмөлдөнө баштаган. Мындай чаралар “Ислам мамлекети” террордук тобу Өзбекстандын аймагына жашыруун жолдор аркылуу киргени жатыптыр” деген имиштерден кийин өзгөчө күч алган.

Көз карандысыз укук коргоочулардын демилге тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун маалыматы боюнча Өзбекстанда ИМ тобу менен байланышы бар деген шек менен соңку эки айда эле эки жүздөн ашуун адам кармалган.

XS
SM
MD
LG