Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча абал жакшырып баратканын, ал эми Кытай менен Иранда бул жаатта кырдаал начар экенин белгиледи.
Мекеме 10-июнда жарыялаган баяндамада Өзбекстан дин тутуу эркиндигин аёосуз бузган мамлекеттердин тизмесинен чыгарылганы жана ар кандай кемчиликтерге карабастан бул жаатта позитивдүү аракеттер ишке ашып жатканы белгиленген.
“2019-жыл ичинде катоодон өтпөгөн диний уюмдардын иш-чараларын полиция текшербегени маалым болду. 2018-жылы 114 рейд жүргүзүлгөн. Бул реалдуу прогресс, чоң ийгилик”, - деди мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо уюштурулган басма сөз жыйында.
Анткен менен Ташкент атайын тизмеде кала берери, анткени Борбор Азиядагы бул мамлекетте дагы эле дин тутуу эркиндиги жаатында олуттуу кемчиликтер бар экени баяндамада белгиленген.
Иранда шиит лидерлер диний азчылыктарды куугунтуктоону улантып жатканы жазылат. Баяндамада белгиленгендей, расмий Тегеран “кудайга акарат келтиргендерди” дарга асууну дагы деле ишке ашырып келет.
Ал эми Кыргызстанда азчылыкты түзгөн диний топтор кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө дале маселелер бар экени жазылган.