Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Вьетнамдагы кыргызстандык мигранттар ара жолдо калганын айтышууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Вьетнамдын Нячаң шаарында мейманкаларда иштеген 20дан ашуун кыргызстандык учурда мекенге кайта албай турат. Бул тууралуу алардын бири Кутман Молдакунов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, алар иштеген мейманканалар коронавируска байланыштуу жабылып, ишсиз калышкан.

«Кыргызстанга кайталы деп болгон акчабызга билет алганбыз. 26-мартта Вьетнамдан Новосибирскиге, ал жактан Бишкекке учмакпыз. Аэропортко барганыбызда, «S-7 Airlines» компаниясы «алгач бортко орусиялыктарды гана алабыз, орун калса силерди батырабыз» деп айтышты. Бирок биз батпай калдык. Эми Орусия чет жактан баргандарды кабыл албай тургандыгы кабарланууда. Эмне кыларыбызды билбейбиз. Биз турист эмеспиз, бул жакта иштеп, тапканыбызды Кыргызстанга салып келатабыз», - дейт ал.

Молдакунов кошумчалагандай, Вьетнамдагы кыргызстандыктардын көбү тейлөө тармагында иштейт.

Тышкы иштер министрлиги чет жактан келе албай жаткан жарандарына жардам берүүнүн жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» 27-мартта министрликтин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди. Ал журтташтар Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары менен байланышта болуп турушу керек экенин кошумчалады.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG