Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Борбор Азия суу кадырын биле элек


Жарым кылымдын ичинде эле дүйнөдөгү эң ири делген Арал көлү бул аймакта сууну ысырапка учураткандан улам соолуп баратат.
Жарым кылымдын ичинде эле дүйнөдөгү эң ири делген Арал көлү бул аймакта сууну ысырапка учураткандан улам соолуп баратат.

Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөдө сууну эң көп колдонгондордун көч башында турат. Кыргызстан бул сапта экинчи орунда.

Борбор Азияны учурунда Советтер Союзу дыйканчылык аймак катары бапестегенден улам сууну туура пайдалана албай энергетикалык катаалдыкка учурап жатабы?

Эл аралык илимий Nature журналы дүйнөдө сууну кайсы аймак көп колдонот деген суроонун үстүндө илимий анализ жүргүзүп, жыйынтыгында ар бир жанга колдонулган суунун көлөмү боюнча Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан узун тизменин башына чыкты.

Борбор Азиянын беш өлкөсү өткөн кылымдын 60-жылдарынан тарта Советтер Союзунун дыйканчылык аймагына айланып, сууну эсептебей колдонууга көнгөн. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын суусу жалаң дыйканчылыкка жумшалган. Бирок дыйканчылыкка бурулган суунун наркы ошол сугарылган талаада өндүрүлгөн түшүмдөн да кымбатка турууда. Маселен, Түркмөнстандын ар бир жараны жылына орто эсеп менен 5,5 миң метр куб суу коротот. Бул АКШдан төрт эсеге, Кытайдан 13 эсеге көп. Кыргызстан менен Өзбекстандын ар бир атуулу 2 миң метр кубдан көп суу ичип, Британия, Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү өз чаңында калтырды дейт Nature басылмасы.

Борбор Азия өлкөлөрүндө сууну ысырапка учуратуу менен ички дүң өнүмгө да чоң сокку урулууда. Мындай антирейтингдин башында Тажикстан менен Кыргызстан турат. Иштеп тапкан акчалай кирешеден да көп сууну коротуу бул адаттагы көрүнүш.

Ушундай ысырапкорчулуктун айынан Арал көлү соолугандын үстүндө. 2010-жылы Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Арал көлүнүн жоголуусун дүйнөдөгү эң эле олуттуу экономикалык кыйроо деп атаган. Тhe Diplomat аналитикалык журналы Арал көлүнүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн чыгарып, анын соолуп калуусунун башкы себеби катары Советтер Союзунун туура эмес экологиялык саясатын жазып чыкты.

Аймакта сууну туура пайдаланса, бул өлкөлөр энергетикалык жана суу кризисине кабылмак эмес дешет окумуштуулар. Азыркы тапта деле Борбор Азия жердеги таза суу запасына бай аймак. Маселен Аму-Дарыяда орточо ар бири кишиге 2 087 метр куб, Сыр-Дарыяда 744 метр кубдук суу бар. Германияда бул көрсөткүч 1878 метр куб.

Кыргызстанда сууну үнөмдөө үчүн Ысык-Көл, Чүй сыяктуу дыйканчылык аймактарда тамчылатма сугаруу системасына өтсө суу да аз короп, түшүмдүүлүк да артмак дейт экономика илимдеринин профессору Кубанычбек Идинов:

- Өзгөчө жеке дыйкан чарбалар тамчылатма сугаруу ыкмасына өтсө жакшы болмок. Суу да үнөмдөлүп, түшүмдүүлүк да бир жарым эсеге чейин өсмөк эле да. Экинчиден, сууну үнөмдөөдө жанагы биз талааларда бөлүштүрүп жатпайбызбы, анан суунун көбү эле арык менен талаага барбай эле жерге сиңип кетип жатат. Ошонун алдын алуу үчүн арыктардын баарын бетондоп чыгыш керек. Ошондо азыраак эле суу көпкө чейин агып турмак. Анан үчүнчүдөн, сууну туура пайдалануунун дагы бир жолу, ар бир коктудан эле суу түшөт эмеспи жерге. Ошол суунун башына көлчүктөрдү, бассейндерди жасап, талааны сугарууга жумшаса дагы пайдалуу болоор эле.

Сууну көзөмөлдөй турган эл аралык уюмдар 2015-жылдын апрель айында Түштүк Кореяда өтө турган 7-дүйнөлүк Суу Форумунда Борбор Азиядагы сууну ысыраптоону тескөөчү эл аралык нормативдерди чыгарбаса, жеке эле бул аймакта эмес Евразия чөлкөмүндө саясий, экономикалык жана экологиялык оор кырдаал түзүлүшү толук ыктымал деп жазат Nature.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG