Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Азиянын дүйнөлүк чемпионаттагы орду канчалык?


Орусия Кыргызстанды эмнеге Бажы биримдигине киргизип жатат, "Манастан" транзиттик борбордун кетүүсү Борбор Азияга кандай таасир этет? Миллионерлердин саны боюнча Кытай АКШны артта калтырганы турат.

The Times: Кыргызстан Бажы биримдигинен баш тарта албайт

Британиянын The Times басылмасынын журналисти Жэйлс Уайтелл жыйырма жыл мурун Кыргызстанды кыдырып, өлкө тууралуу китеп жазган. Жакында эле ал бизге кайра келип, Орусия тарабынан курулуп жаткан ГЭСтерди көрүп, Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү орустарга эмнеге зарыл болду деген суроону коет. “Тянь-Шандын этегинде РОСЭЛЕКТРО деген жалтырак жазуусу бар орус ГЭСтери америкалык атактуу Гувера суу сактагычтарына атаандашкандай. Энергия булактары тартыш бул жакыр өлкө эми светти экспорттогусу келип, кардар издегени кызык. Капканда бекер сыр болбогондой эле орустар акысыз электр зымдарын да тартпайт, дейт атын айткысы келбеген Кыргызстандын мурдагы министри. Путин Украинада аракеттерин азайтып, күчүн Борбор Азияга топтоодо. Крымдагыдай окуяларды күтүп жатабыз, дейт эски чиновник. Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүү идеясы өтө эле таӊ каларлык. Анткени биримдиктеги өлкөлөр авторитардык бийликке ээ. Ал эми Борбор Азиядагы эӊ эле демократиялуу, эркин, бирок абдан чакан жана жакыр Кыргызстан эми андан баш тарта да албайт”, - деп жазган The Times гезитинин журналисти.

Борбор Азия эми кантет?


“Манас" Транзиттик борборунун аймактын келечеги үчүн мааниси кандай эле?” деген макала The Diplomat журналында жарык көрдү. Жылына кыргыз өкмөтүнө 60 миллион долларлык ижара акысын төлөп келген Американын Борбор Азиядагы акыркы аскердик базасынын жабылуусу жеке эле АКШнын бул аймактагы саясатын эмес, Орусия, Кытай, атургай Ооганстандын да Борбор Азиядагы саясатын чагылдырат. Америка Кыргызстандан арзан ижара акы төлөй турган Румынияга чыгып кетти. Эми өлкөдө орус аскердик базасы калды. Анын үстүнө Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна киргени турат. АКШ үчүн Борбор Азиянын чок ортосунда, анан калса Ооганстанга улагалаш жайгашкан Кыргызстанда базаны кармап туруу бир эсе пайдалуу эле. Анткени миллиондогон тонна күйүүчү май, курал-жарак, миӊдеген аскерлер Бишкек аркылуу ооган жергесине согушка аттанчу. Борбор Азияда Орусия менен Кытай саясатынын үстөмдүк кылуусу Американын четке чыгуусун шарттоодо. Ооганстан да эл аралык, аскерий, экономикалык мамилелерде Борбор Азияга эмес, маданияты жакыныраак Түштүк Азияга көбүрөөк ыктап жатат. Бирок АКШ базасынын чыгышы жеке эле ооган жергесинде эмес, ага коӊшу жайгашкан Тажикстандын коопсуздугун козгошу мүмкүн. Андыктан бул өлкө да Кыргызстандай эле Орусияга ыктамакчы. Ошентип аймакта орус жана кытай үстөмдүгү өкүм сүргөнү турат, деп жазат The Diplomat.


Кытай миллионерлери менен экинчи орунда


The Wall Street Journal басылмасы Кытай миллионерлеринин саны жагынан Американы артка таштаарына аз калганын кабарлады. Азия жана Тынч Океан чөлкөмүндөгү байлардын саны 30 процентке жогорулады. Кытай 1 миллиондон ашык каражаты бар атуулдарынын саны боюнча АКШдан кийинки орунда турат. Былтыр Кытайда 2,38 миллион үй-бүлөнүн каражаты миллион доллардан ашса, АКШда андай байлардын саны 7,14 миллион, ал эми Жапонияда 1,24 миллион болду. 2018-жылга чейин Азия өлкөлөрү бай атуулдарынын саны жагынан дүйнөдө алдыӊкы орунга чыгары күтүлүүдө.


Азиянын дүйнөлүк чемпионаттагы орду


Түштүк-Чыгыш Азия, Борбор Азия, деги эле Азия өлкөлөрүнүн бирөө да Бразилияда болуп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катыша алган жок. Ошентсе да бүтүндөй Азия чөлкөмү, атургай Таиланд да саясий ызы-чуусун токтотуп, ФИФАнын беттешүүлөрүн көрүп жатат, деп жазат Asian Nikkei Review гезити.

Азия өлкөлөрү футбол талаасына чыгып беттешпегени менен футболго керектүү нерселердин баары Бразилияга Азиядан ташылды. Маселен, Бангкоктогу Хонг-Сенг текстиль компаниясы атактуу Nike маркасынын кийимин тикти. Бул кийимди Бразилиядагы 32 команда кийип чыгат. Таиланддын кийим тигүүчү компаниялары дүйнөлүк чемпионаттын 10дой командасын камсыз кылды. Мындан тышкары Испания менен Португалиянын футбол мектептерине да кийим тигип, бул өлкөдөн 40-50 миллион долларлык спорттук кийим-кече дүйнөнүн чар-тарабына сатылды. Таиланддын саясатчылары дүйнөлүк чемпионат ызы-чуусу бүтпөгөн демонстранттардын демин кичине да болсо баса турарынан үмүттөнүүдө, деп жазды Asian Nikkei Review.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG