Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Путин айыккыс дартка чалдыктыбы?


Орус президенти дарыгер Виктор Петраченкого ден соолугун текшертип жатат. Смоленск
Орус президенти дарыгер Виктор Петраченкого ден соолугун текшертип жатат. Смоленск

Эл аралык басма сөзгө баяндама (2-февраль-9-февраль).

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө Владимир Путиндин психикалык абалы катуу талкууланды. Буга USA Today гезитинде чыккан Пентагондун буюртмасы менен 2008-жылдан 2011-жылга чейинки изилдөө түрткү болду.

Изилдөөнүн авторлору "Владимир Путин эл арасында өзүн алып жүрүүсү, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам аутизм илдетинин бир түрү болгон Аспергер синдрому менен жабыркайт" деген тыянак чыгарышкан. Бирок Британиянын The Guardian гезитине аналитик Алан Юхас бул изилдөөнү сындап, “Путинология” чектен чыгып кетти" деген макаласын жарыялады.

Путин мышыктын сүрөтүн тартууда
Путин мышыктын сүрөтүн тартууда

Түндүк Каролина университетинин психологу Стивен Поржес The Guardian гезитине “Владимир Путинди аутист же Аспергер синдрому менен жабыркайт деген нерселерди токтотуу керек. Видеодон карап туруп диагноз коюу мүмкүн эмес. Бирок ал оор кырдаалдар же талаш-тартыш учурларда өзүн кармай албай кеткенин көрүп жатабыз. Бул изилдөөнүн максаты - Путин менен дипломатиялык ымаланы мындан ары кантип улантабыз деген суроого жооп издөө болсо керек”, - деген оюн айтты.

Социалдык илдетке айланган Аспергер синдрому белгилүүлөрдүн арасынан Альберт Эйнштейн, Мэрилин Монродо да болгон дешет эл аралык басылмалар.

Борбор Азия лидерлери ИМдин коркунучун сезбей жатат

Foreign Policy аналитикалык басылмасы Борбор Азиянын башкаруучулары “Ислам мамлекети” тобунун коркунучуна маани бербей ката кетирип жатканын жазып чыкты. “Уюмдун Борбор Азияга болгон коркунучу тууралуу кеп болгондо бул аймактагы бир да лидер ушак-айың менен чындыкты айырмалап биле албагандай” дейт автор.

ИМдин желдети
ИМдин желдети

Британиядагы Эксетер университетинин чөлкөм боюнча эксперт-окумуштуусу Жон Хизершоунун айтымында, Борбор Азиянын мамлекеттик органдары мындай көйгөйдүн алдын алууну ойлоно да элек. Себеби, алар ашыкча саясатташып, өз кызыкчылыктарынын гана камын көрүүдө. Терроризмди изилдеген канадалык эксперт Рафал Рохозински 2014-жылдын октябрында орто эсеп менен 4 миңдей орто азиялык “Ислам мамлекети” тобуна кошулганын Казакстандагы конференцияда айткан.

Көп өтпөй эле аймактын лидерлеринин бул уюмга карата аракети башталды. Маселен, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2014-жылдын декабрында орус ажосу Владимир Путинден террорчулукка каршы чогуу иш алып барууну суранган. Андан бир апта өтпөй Тажикстан лидери Эмомали Рахмон өз өлкөсүнө жасаган кайрылуусунда “Ислам мамлекети” тобун глобалдык коркунуч деп атаган. “Эл аралык кризистик тобу Борбор Азия, Орусия жана Түркияны “Ислам мамлекетине” согушкерлерди даярдап, ташыган чоң транзиттик аймак деп баа берүүдө, бирок лидерлер бул айтылгандарга карата чара көрүүгө шашыла элек” деп жазат Foreign Policy.

Саддам Хусейнди аскан арканды 7 миллион долларга баалашты

Саддам Хусейндин сүрөтү түшүрүлгөн сааттар.
Саддам Хусейндин сүрөтү түшүрүлгөн сааттар.

2006-жылы Ирак лидери Саддам Хусейнди дарга асууда колдонгон аркан 7 миллион долларга бааланып жатканын The Washington Post гезити жазды. Иракта азыркыга чейин бул арканды катып жүргөн расмий кызматкерге Израилден, Кувейттен аны сатуу сунушу түшө баштаган. Муваффак ал Рубае аттуу 2004-жылдан 2009-жылга чейин Ирактын Улуттук коопсуздук кызматында иштеп турган адамдын үйүндө Саддамды дарга асып өлтүргөн аркан али да сакталуу. Ага атайын аукцион өткөрүлүп, баасы 7 миллион долларга чейин жеткен.

Рим Папасы үй-жайсыздарга кол чатыр берди

“Рим Папасы бирөөлөр чиркөөгө унутуп кеткен 300дөн ашуун кол чатырды Римдеги үй-жайсыздарга таркатып берди” деп кабарлайт The Independent басылмасы. Ээси жок кол чатырлар Ватикан музейинен, Ыйык Питер базиликасынан жана Сикстинск чиркөөсүнөн туристтер унутуп кеткенден кийин чогултулган. Узаган аптада Римде катуу жамгыр жаап, шамал болгон. Рим Папасы буга чейин декабрь айында 400 үй-жайсыз кишиге уктаганда кийип жатчу каптарды белек кылган. Ал эми кол чатырларды болсо өзүнүн 78 жашка толгонуна карата жакырларга таркатканын жазат The Independent.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG