Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

Пабло Пикассо кайрадан рекорд койду


Пабло Пикассонун «Алжирдик айымдар» сүрөтү
Пабло Пикассонун «Алжирдик айымдар» сүрөтү

Пабло Пикассонун сүрөтү тарыхтагы эң кымбат чыгарма болуп калды. Нью-Йорктогу аукциондо дээрлик 180 миллион долларга сатылган «Алжирдик айымдар» мындан эки жыл мурдагы рекордду багынтты.

Пабло Пикассонун көп боектуу «Алжирдин айымдары» Кристис аукционундо 179 миллион 400 миң долларга сатылды. Эс алып отурган аялдарды кубизм үлгүсүндө тарткан Пикассо бул сүрөттү 19-кылымда жашап өткөн франциялык сүрөткер Южен Делакруадан шыктанып жараткан деп саналат.

Буга чейин аукциондон эң кымбат сатылган чыгарма деп Франсиз Бейкондун «Люсиен Фрейддин үч сүрөтү» саналчы. Бул үчилтик 2013-жылы Кристисте 142.4 миллион долларга бааланган эле.

Пикассонун сүрөтүнө төлөнгөн баада аукцион өткөргөн жайдын 12 пайыздык сатык төлөмү да камтылганы айтылууда.

Кристистин президенти Жусси Пулканен сүрөттүн ушунча кымбат болушунун себебин мындайча түкшүмөлдөдү:

- Бул чыгарма дүйнөлүк рекордду бузаарын билгенбиз. Былтыр эле британиялык Бейкондун сүрөтүн 142 миллионго сатпадык беле. 20-кылымдын генийи, кыл калемдин Моцарты саналган Пикассонун 180 миллионго бааланганы таң калыштуу деле эмес. Бул өтө сонун чыгарма.

Пулканендин ишениминде, 11-майдагы рекорд дагы 10 жылда барып бузулушу мүмкүн.

Адистердин айтымында, «Алжирдик айымдарга» окшогон импрессионисттик, заманбап көркөм чыгармалар «кооздугу, түшүнүктүүлүгү жана наркынын аныктыгы» үчүн жогору бааланат.

Нью-Йорктогу Жаңы Мектеп окуу жайынын дизайн боюнча профессору Сара Лихтман бул өңдөнгөн эмгектерге болгон кызыгууну жылдан жылга ишенимдүү пайда алып келген кирешелүү компаниялардын акцияларына болгон кызыгууга салыштырды.

Пабло Руиз Пикассо 19-кылымдын аягында Испанияда туулган. Сүрөттөн тышкары, айкел жасаган, керамика менен иштеген, театрдын сахналарын көркөмдөгөн, ыр, драма жазган киши болгон. Өмүрүнүн көбүн Францияда өткөргөн.

20-кылымдагы эң таасирлүү сүрөткерлердин бири саналган Пикассо көркөм өнөрдөгү кубисттик багыттын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон, ошондой эле коллажды ойлоп тапкандардын бири катары таанымал. Анын кубисттик «Авиньондун кыздары» деген сүрөтү менен катар, Испаниядагы жарандык согуштун мезгилинде испан өкмөтүнүн талабы менен басктардын Герника шаарын немис, италиян согуштук учактарынын бомбалоосун сүрөттөгөн "Герника" деген чыгармасы Пабло Пикассонун чыгармачылыгынын туу чокусу деп саналат.

Соңку жылдары Пикассонун эмгектерине байланыштуу ар кыл окуялар орун алды.

Германияда Экинчи Дүйнөлүк согуштун алдында жана согуш мезгилинде нацисттер уурдап алган сүрөттөр, анын ичинде Пикассонун эмгектери 2013-жылы Мюнхен шаарындагы батирлердин биринде табылган эле.

Ушул эле жылы Румынияда бир аял даниялык галереядан уурдалгандыгы шектелген шедеврлерди өрттөп жиберген эле. Миллиондогон доллардык сүрөттөр менен кошо Пикассонун өлөөрүнөн эки жыл мурда, 1971-жылы тарткан «Арлекиндин башы» деген аталыштагы сүрөтү да жок болду. Ал аял уурулукка шектелген уулунун кылмышын жабуу үчүн ушундай ишке барган.

Ал эми 2010-жылы ФИФА футбол чемпионатын 2018- жана 2022-жылдары Орусия менен Катарда өткөрүүнү чечкенде аталган уюмдун аткаруучулар кеңеши өз добуштарын миллиондогон доллар акчага жана Орусия тараптан берилген Пикассонун сүрөтүнө сатылды деп сынга алынган эле.

XS
SM
MD
LG