Жылдар бою “Пари Сен Жермен” (ПСЖ) чемпион кубогунун бир шаардан экинчисине көчкөнүнө четтен карап турду. Тилекке каршы, 19 жылдан бери күтүп жаткан майрам беш мүнөткө жеткен жок. Материалдык чыгым болсо миңдеген евролоп саналууда.
Клубдун символу болгон Эйфел мунарасынын маңдайындагы Трокадеро аянтында, Елисей талаасында витрина-терезелер, машинелер талкаланып, дүкөн-имараттар вандалдардын чабуулдарына туш болду. Полиция жана клубдун жетекчилиги ашынган жаштардын бир нече тобу майрамга жолтоо болуп, бүлүк салууга атайы даярданып келген деп эсептешет.
ПСЖнин капитаны Тиаго Силва трофейди колуна алып, калган футболисттер менен кошо күйөрмандарына кайрылмакчы болду эле, бирок башаламандык, ызы-чуудан улам сахнада 5 мүнөт туруп эле кетүүгө аргасыз болду.
Бейбаштар темир тосмолорду тартип коргоочуларга ыргыта башташканда, алар тарсылдама гранаталарды колдонушту.
“Бүлүк салган бир ууч адамдардын майрамды үзгүлтүккө учуратышы аянычтуу”, - деди кубокту тапшыруу үчүн келген Париждин мэри Бертран Делануа.
Баш калаанын полициясы тараткан маалыматка ылайык, кечээки окуяларда 30 киши жараланды, алардын үчөө тартип коргоочулар. 21 киши кармалып кетти.
Салтанаттын уюштуруучулары Сена дарыясынын боюндагы параддан баш тартышты. Футболисттер болсо Parc des Princes стадионунда кечки саат 11ге чейин жашырынып, майрамды шампандын ордуна пицца менен белгилөөгө мажбур болушту, - деп жазышат француз маалымат каражаттары.
Коопсуздукту камсыздоо үчүн 800дөй полициячы тартылган. Бирок айрымдар коомдук тартип үчүн жооптуу адамдар иш-чаранын масштабын эске алышкан эмес деп сындашууда. Оппозиция ички иштер министри Мануэл Валлстын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Министр болсо шейшембиде Париж мэриясынын жанындагы майрамдык аземди өткөрбөө чечими кабыл алынганын билдирди. Франция чемпиондорун машыктыруучулары, клуб жетекчилиги менен кошо Париждин мэри коноктомок.
Ал эми Англия чемпионунун урматына уюштурулган салтанат Францияга караганда алда канча тынч өттү. “Манчестер Юнайтед” 20-чемпиондук наамын легендарлуу машыктыруучу Алекс Фергюссон менен акыркы жолу майрамдады. 26 жыл клубдун башында турган машыктыруучу бир нече күн мурун пенсияга кетээрин жарыялаган. “Сэр Фергюссон, сиздин кетишиңизди каалабайбыз, бирок ушунча жыл биз менен болгонуңузга ыракмат”, - деп жазылып турду плакаттардын биринде.
Жекшембиде “Манчестер Юнайтед” сезондун акыркы беттешүүсүндө “Свонси” клубун 2-1 эсебинде жеңген.
Фергюссондун ордун Дэвид Мойес басмакчы.
“Манчестер Ситинин” машыктыруучусу Роберто Манчинини болсо Фергюссондой болуп салтанатуу узатышкан жок. Анын кетирилип жатканын клубдун жетекчилиги дүйшөмбүдө кечинде кыска коммюникесинде билдирди. Бир жыл мурун италиялык машыктыруучу “Ситини” тарыхта үчүнчү жолу чемпиондук наамга алып келген. Өткөн ишембиде болсо Англия кубогунун финалында “Виганга” 0-1 эсеби менен утулуп калды.
Манчини Англиянын түндүгүнө 2009-жылы келип, клуб ээлеринин каражаты менен күчтүү команда курууга, аны өлкөнүн алдыңкы клубдарынын катарына кайтарууга жетишкен.
2011-жылы “Сити” Англия кубогун, кийинки жылы чемпион наамын жеңген. Бирок Европанын алкагында “Citizens” ийгиликтүү ойной алган жок. Эки ирет катары менен Чемпиондор Лигасынын баштапкы эле айлампасында мелдештен чыгып калды.
“Ситиге” эми “Малаганын” машыктыруучусу Мануэл Пеллегрини келүүдө.
Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, Манчини “Пари Сен Жермендеги” орун бошосо, Францияга барууну каалайт. Бирок ПСЖнин жетекчилиги Карло Анчелоттини “Реал Мадридге” кетирбөө үчүн аракеттенүүдө.
Клубдун президенти Насир ал-Хелайфи “Реал” аны менен бул маселе боюнча байланышканын, бирок Анчелоттинин келишими бир жылдан кийин аяктаарын билдирди. Ал жакшы адам, келишимди аткарат деп ишенем, - деди Хелайфи Ройтерс агенттигине.
“Реал” демекчи, ишембиде Испания падышасынын клубу “Эспаньола” менен 1-1 ойногондон кийин, “Барселона” 22-чемпиондук наамын белгилей баштады.
Жекшембиде la Liga чемпионун “Атлетико Мадриддин” оюнчулары салт боюнча кыдырата тизилип алып, кол чаап тосуп алышты. Ал матчты Барса 2-1 эсебинде жеңди. Эртеси Campiones миңген автобус миңдеген ышкыбоздорунун коштоосунда Каталония борборун аралап өттү. Барселонада да майрам түн ортосуна чейин уланды.