Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Моуриньо "Челсиге" кайтууда


Жозе Моуриньо “Челсини” машыктырмай болду. Тагыраак айтканда, ал лондондук клубга 6 жылдан кийин кайтып барууда. Футбол адистери ал жердеги ийгиликтерине жараша Реалдагы акыркы сезонго чындап эле ички жаңжалдашуулар таасир эттиби, же Моуриньо машыктыруучу, менеджер катары формасын жоготуудабы деген суроого жооп берсе болот дешет.

Дүйшөмбүдө португалиялык устат Жозе Моуриньо Лондонго барып, 4 жылдык келишимге кол койду. Ошентип бир нече жумадан бери айтылып келген имиштер чын болуп чыкты.

Special One “Челсини” Чемпиондор Лигасынын эмки сезонуна чыгарып, Европа Лигасын жеңүүгө алып келген испаниялык Рафаэл Бенитестин ордун басмакчы.

Клубдун расмий сайтында айтылгандай, “Моуриньонун динамизми, ийгилиги, амбициялары аны мыкты талапкер катары сыпаттайт. Келечекте дагы албан ийгиликтерге умтулабыз. Жозе ал максатты ишке ашыруу үчүн ылайыктуу менеджер”.

Моуриньо “Челсини” 2004-2007-жылдары машыктырган жана 2005-2006-жылдары Англиянын чемпион наамын, эки жолу Лиганын кубогун уткан. “Интер” Миландагы 2 сезону да ийгиликтүү өткөн.

Өткөн жылы “Реал Мадрид” өлкө биринчилигин жеңгенине карабай падышалык клубдагы жылдары Моуриньонун өзүнүн, айрым оюнчулар менен күйөрмандардын эсинде жалаң позитивдүү эскерүүлөр менен калаары күмөн. Өткөн ишембиде баш калаадагы Бернабеу стадионуна чыкканда аны ышкырыктар менен бекер жеринен тосуп алышпаса керек.

Мадриддиктер кумири Икер Касиястын жараат алганына шылтоолоп, аны дээрлик бүт сезон бою оюндарга чыгарылбай коюшун кечиргилери келбейт. Анын ордуна “Реалдын” дарбазасын Адан же Диего Лопес кезектешип коргоп жатышты.

Бир нече күн мурун, Моуриньонун “Челсиге” кетээри белгилүү болгондон кийин Испания улуттук командасынын капитаны Касияс "Теле 5" каналындагы интервьюсунда “эч кандай таарынычы жоктугун, машыктыруучу клубдун кызыкчылыгын эске алып чечим кабыл алганын” айтып, Лондондогу ишинде ийгилик каалады.

Айтмакчы, “Челсиден” да ал “экинчи Касияс” – ошол кездеги оппоненти, “козголоңчу” Жон Терринин аракеттеринин натыйжасында кеткен. Албетте клубдун ээси, россиялык миллиардер Роман Абрамович ал “кутумга” батасын берген.

15-майда "Челси" Европа Лигасын жеңди, Амстердам, 2013-жыл
15-майда "Челси" Европа Лигасын жеңди, Амстердам, 2013-жыл
“Челси” өткөн жылы Чемпиондор Лигасын, жакында Европа Лигасын жеңди. Бирок мындай жетишкендиктерге карабай, былтыркы машыктыруучу ди Маттео же Бенитес өз ордуларын сактап калышкан жок.

Моуриньо алардан мыкты иштей алабы?

Адистер “Челси” өзгөргөнүн белгилешет. Алдыңкы футболисттерден Дрогба азыр “Галатасарайда" ойноп жүрөт. Терри менен Лампар же дарбазачы Петр Чех мурункудай жаш эмес. Моуринього ал өзү тандабаган жаш оюнчулар менен иштөөгө туура келет.

Лондондогу ийгиликтерине жараша “Реалдагы” акыркы сезонго чындап эле ички жаңжалдашуулар таасир эттиби, же ал машыктыруучу, менеджер катары формасын жоготуудабы деген суроого жооп берсе болот.

Ал тапта “Реалдан” Моуриньонун жердеши Криштиану Роналдо да кетет деген кабар тарады. Анын келишими 2015-жылы бүтөт.

Ага чейин болсо Роналдо клубдаштары менен кимдин жетектөөсүндө машыгаары белгисиз. ПСЖнин устаты, италиялык Карло Анчелотти фаворит деп аталып жатты эле, “Реалдын” президенти Флорентино Перес 4-июнда бул кызматка дагы 4 жылга кайра шайлангандан кийин Испаниянын "Теле 5" каналына интервью берип, клуб жетекчилиги Зинедин Зидандын да талапкерлигин караштырып жатканын билдирди. Жана анын компетенттүүлүгүн, клубдан чыкканын белгиледи.

Бирок Зизу машыктыруучу болуп иштеп көргөн эмес. Франциялык чебер “Реалда” 2001-2006-жылдары ойногон. Чоң футболдогу карьерасын аяктагандан кийин клуб президентинин кеңешчиси, спорттук директор болуп иштеп келди. Буга чейинки интервьюларынын биринде “Реалдын” жаштар командасын машыктыруу пландары менен бөлүшкөнү бар. Айтмакчы, уулу Энцо ошол командада ойнойт.
XS
SM
MD
LG