Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Бразилиядагы Конфедерациялар Кубогу


Италия менен Мексиканын беттешүүсү, Рио де Жанейро, 16-июнь 2013-жыл
Италия менен Мексиканын беттешүүсү, Рио де Жанейро, 16-июнь 2013-жыл

Бразилияда Конфедерациялар Кубогу үчүн мелдештер өтүүдө. ФИФА бул турнирди 9 жылдан бери уюштуруп келатат. Ага 6 континенталдык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү, дүйнө чемпиону жана Кубок өтүп жаткан өлкөнүн командалары катышууда.

Дүйнө чемпионатына бир жыл калган кезде Бразилиянын 6 стадиону Конфедерациялар Кубогун кабыл алууда. Ишембиде мелдештин ачылышында Жапония менен беттешкен талаа ээси 3-0 эсеби менен жеңди.

“Барселонанын” катарын толуктаган Неймар жапондордун коргонуусунун кемчиликтерин тез эле пайдаланды. Бразилиянын жаш командасы жапондорго өз техникасын таңуулап, Неймардын артынан Паулиньо менен Жо дүйнө чемпионатына квалификацияланган Жапониянын дарбазасына бирден гол киргизишти. Айтмакчы, азырынча 2014-жылкы чемпионаттын финалдык бөлүгүнө эки өлкө гана жолдомо алды. Экинчиси – Бразилия эми шаршембиде Мексика менен ойнойт.

Жапонияга болсо Мексика жана Италия менен беттешүүлөрдү жеңүү үчүн көп аракет жумшоого туура келчүдөй. Бул эки команданын оюну болсо итальяндардын пайдасына 2-1 эсеби менен аяктады.

Жекшембинин кечинде болсо дүйнө чемпиону Испания ушундай эле эсеп менен Уругвайды утуп алды. “Ла Роханын” машыктыруучусу Висенте Дел Боске “мындан да көп гол киргизе алат элек, бирок оюнчулардын чарчаганы даана байкалып турду,” - деп комментариялады.

Испания Уругвайды 2-1- эсебинде жеңди, 16-июнь, 2013-жыл
Испания Уругвайды 2-1- эсебинде жеңди, 16-июнь, 2013-жыл
Испандардын дарбазасын ким коргойт деген суроо күйөрмандардын көбүнүн бүйүрүн кызытып келди. Дел Боске беттешүү башталгыча Касияс, Рейна же Валдестин кимисине артыкчылык берээрин шардана кылбастан, “үчөө тең мыкты дарбазачылар, үчөө тең эң күчтүү клубдарда ойношот”, - деп чектелди.

Улуттук команданын капитаны, “Реал” Мадриддин даңазалуу дарбазачысы Икер Касияс үчүн бул сезон кыйын болду. Жаракатынан айыккандан кийин деле “Реалдын” машыктыруучусу Жозе Моуриньо аны сезондун аягына чейин бир да жолу чыгарбай койду. Испания улуттук командасынын курамында 145 матчка катышкан Касияс Дел Боске аны Конфедерациялар Кубогуна катышуу үчүн чакырганда эле ыраазычылыгын билдирген.

“Бул турнирге башкача бир абалда катышып жатам. Албетте, ушунча матчта ойнобогондуктан, калган футболисттерден артта калгандай сезип атам. 4 айдан ашык убакыт ойногон жокмун. Висенте мени чакырганда формада эместигимди жакшы түшүнүп турдум”, - деди дүйнө чемпиону жана Европанын эки жолку жеңүүчүсү Касияс.

Акыр аягында Дел Боске дал Касияска ишеним көргөздү. Бул – анын футбол карьерасындагы 800-матчы болуп калды. “Мындай чечимди команданын кызыкчылыгында кабыл алдым. Калган эки дарбазачы турса да, алар да ушундай эле ойномок”, - деп түшүндүрдү машыктыруучу оюндан кийин.

Бир нече күндөн кийин Испания Таитинин улуттук командасы менен беттешмекчи.

Испания демекчи, ал өлкөнүн маалымат каражаттары Мессинин салык төлөбөгөндүгү боюнча жаңжалды байма-бай чагылдырышууда. “Месси салык төлөбөө үчүн көз боёмочулукка барып, өз аброюна көө сүйкөп алды”, - деп жазат El Mundo гезити. “Миңдеген бала Мессидей болгусу келет. Кумир таза эмес адам болуп чыкты”, - деп улантат каталониялык басылма. Marca гезитинин редактордук макаласында: “Символго айланган андай адам чынчылдык менен тилектештик спорттук баалуулук экенин унутпашы керек эле. Оюнда да, жашоодо да таза болууга тийиш”, - деп жазат.

Каталониялык дагы бир гезит - Sport болсо “сот боло электе эле туш-туштан Мессини айыптоо туура эмес”- деп, футболистти коргойт.

Анын иши Испаниянын Конгрессинде да козголду. Депутаттардын алдына чыккан Спорт министри Хосе Игнасио Верт иликтөө аяктагыча сабырдуу болууга чакырды.

“Барселонанын” форварды атасы менен бирге 2007-2009-жылдар аралыгында салыктарды жашырган деп шектелүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, жалпысынан 4 миллион еврого жакын салык төлөнбөй калган.

Дагы бир кыска кабар. “Бавария” Мюнхендин жаңы машыктыруучусу Пеп Гуардиола 24-июнда Альянц Аренада пресс-конференция өткөрүп, эки күндөн кийин Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсүн алгачкы жолу машыгууга жетектеп чыкмакчы.
XS
SM
MD
LG