Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Конфедерациялар кубогу Бразилияда калды


Бразилиялык футболисттер жеңишин майрамдашууда. Рио-де-Жанейро. 30-июнь, 2013-жыл
Бразилиялык футболисттер жеңишин майрамдашууда. Рио-де-Жанейро. 30-июнь, 2013-жыл

Бразилиянын футбол командасы үчүнчү жолу катары менен ФИФАнын Конфедерациялар кубогун жеңди. Финалда алар 3-0 эсеби менен дүйнө жана Европа чемпиондору Испанияны утуп алды.

Матч башталаары менен чабуулга өткөн бразилиялыктар 2-мүнөткө жеткирбей гол киргизишти. Командалар тыныгууга кетээрдин алдында Неймар эсепти 2-0гө жеткирди. Ал эми оюндун экинчи жарымы башталгандан көп өтпөй, 47-мүнөттө биринчи голдун автору Фред испаниялыктарга үмүт калтырбады.

Дүйнө, Европанын эки жолку чемпиондору ошентип дагы бир жолу Конфедерациялар кубогунан куру калды. Өткөн мелдеште La Roja АКШ командасына жарым финалда эле жыдыган. Бразилия болсо үчүнчү ирет жеңүүчү аталды. Болгондо да өз талаасында, дүйнө чемпионатына туура бир жыл калган кезде утуп отурушат.

9-жолу гана уюштурулган Конфедерациялар кубогуна айрым күйөрмандар анча көңүл бурушпайт. Албетте, бул мелдеш дүйнө же Европа биринчилигинен деңгээли, масштабы жагынан артта калат. Бирок жекшембиде Рио-де-Жанейродогу “Маракана” стадионундагы беттешүү чыныгы чоң финал болду.

Акыркы ирет бул эки команда 1999-жылы Вигодо достук матчында таймашып, бир да гол киргизишкен эмес.

Өтө жай ойногон Испания 2008-жылкы Европа чемпионатынан бери көргөзүп келаткан техникасын бул ирет тартуулай алган жок. Бразилия тескерисинче, башынан эле от алып, улам-улам чабуул коюп жатты. Мындай “блиц” стратегия жарым финалда Уругвайга каршы ойногондо эле өзүн актаган.

Испаниянын El Pais гезити “Маракана кыялы жаман түшкө айланды” деген баш макаласында турнирдин триумфатору катары 21 жаштагы Неймарды атайт. “Дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Бразилиянын максаты – эмки жылкы дүйнө биринчилигин жеңүү. Бул мелдеште болсо үмүт арта турган оюнчу сынактан өттү”, - деп жазат гезит. Баса, Неймардын мыкты оюну “Барселонанын” күйөрмандарын кайдыгер калтырган жок. Жакында Каталониянын клубу аны дээрлик 50 миллион еврого сатып алган.

Неймар турнирдин эң мыкты оюнчусу, анын жердеши Фред жана испаниялык Фернандо Торрес болсо кубоктун бомбардирлери деп аталды. Неймар алардан бир эле гол артта калды.

Ошентип футбол адистери белгилегендей, дүйнө биринчилигине бир жыл калган маалда Бразилия күчтүү командасы бар экенин өзүнө да, атаандаштарына да далилдеди.

Бир нече жылдан бери дүйнөлүк сахнада жылдызы жанып турган Испания үчүн болсо “Маракана” чоң эскертүү болгонсуду. Иньестанын алыстан тепкен тобун дарбазачы Хулио Сезар кармап калса, Серхио Рамос пеналти киргизе алган жок. 68-мүнөттө болсо арбитр Пикеге кызыл карточка берип, испандар азчылыкта калышты. Матчтын аяк ченинде Вийяга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү эле, бирок аны да бразилиялык дарбазачы тосуп калды.

2010-жылдын ноябрында Португалияга 0-4 эсебинде жеңилген Испания мындай чоң ажырым менен ошондон бери утула элек эле.

Машыктыруучу Висенте Дел Боске Бразилия алардан күчтүү ойногонун айтып, “дайыма жеңүү мүмкүн эмес, кээде утулуп туруу да маанилүү” деп комментариялады.

Торрес болсо Испания бул кубокту утат деген прессинг күчтүү болгонун белгилеп, “бир жылдан кийин биз реванш алабыз деп үмүттөнөм. Бразилияны эмес, өзүбүздү жеңебиз”, - деди.

Пеналтини киргизе албай калган Рамос:"Биз машина эмеспиз. Айрым учурларда оюн ушинтип жүрбөй калат. Албетте, актангыбыз келбейт. 2-мүнөттө киргизген гол бизге катуу таасир этти. Аны жашырбай эле коюш керек", - деп утулуунун себебин түшүндүрдү.

Ал эми пеналти тууралуу Рамос: "Топту тебээрге чейин өзүмө жакшы эле ишенгем. Штангага жакыныраак тебейин деп ойлогом. Тилекке каршы, жакшы мээлей алган жокмун", - деди.

Ошол эле күнү үчүнчү орун үчүн таймашта Италия матчтан кийинки пеналти боюнча Уругвайды жеңип алды.
XS
SM
MD
LG