Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

“Ататүрктүн эң чоң сыры”


Түркиянын маалымат каражаттары.
Түркиянын маалымат каражаттары.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (20-26-август)

Өткөн жумада Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттеринин саммити дүйнөдө кандай резонанс жаратты, айрыкча Түркияда эмне деп жазышты экен деген максат менен бир катар маалымат булактарын, белгилүү деген гезиттерди жана журналдарды, Интернетти карап чыктык. Тилекке каршы, жарытылуу кабарды же комментарийди, кененирээк берилген анализди эч жерден көрө албадык. Анын үстүнө саммитке бир катар мамлекет башчылары келбей койду; эгер Бишкекке түрк президенти Абдулла Гүл келип бербегенде кыйын эле акыбалда калмак экенбиз. Ал эми түрк президентинин тез арада үйүнө кайтып, ал гана эмес кулагына операция болуптур деген кабар биздин жергиликтүү гезиттер тараткан кезектеги “өрдөк” болуп чыкты.

Түркиянын расмий Anadolu-Press агенттиги да, англис тилинде чыккан Today’s Zaman гезити да бул кабарды четке какты. Дарыгерлер мамлекет башчысын Анкарадагы Кожатепе университетинин бейтапканасына жаткырып, учак менен азыраак учуп, бир нече күн интенсивдүү дарылоону сунуш кылышыптыр.

Ошону менен бирге Түркиядагы англис тилинде чыккан маалымат каражаттарындагы аналитикалык маалыматтардын арбындыгы, комментаторлордун жакшы профессионалдык даярдыгы, билими көңүлдү бурду. Ырас, кээде бүйүрдү кызыткан сенсациялуу материалдар, сөздүн жакшы маанисиндеги ушактар да жок эмес экен.

Маселен, Radical Daily гезитинде Азыркы Түркиянын негиз салуучусунун ата-теги тууралуу “Ататүрктүн эң чоң сыры” деген Фатих Байхан аттуу автордун макаласын сандан-санга жарыялады. Автордун айтканына караганда, Мустафанын ата-энеси Малатия деген армяндар илгертен эң көп жашаган жерде туулуп-өсүп, кийин гана Салоникиге көчүп келишкен экен. Анын үстүнө Ататүрктү тууган энеси каза болгондон кийин азыркыга чейин тууган энеси деп эсептелип жүргөн Зубайда-ханум багып алган имиш.

Бул сенсациялуу кабарга комментарий берген Today’s Zaman гезити Түркиянын тарыхында дале болсо толуп аткан легендалар, мифтер толтура экендигин белгилеп, ар кандай сырлардын жана табулардын пардасын сыйрып, чыныгы илимий тарыхты жазуу керектигин айтты. Ататүрктөй чыныгы түрктү издесек таба алабызбы, дейт газета. Ошону менен бирге Today’s Zaman гезити бир кезде Грант Динк деген дагы бир автор Ататүрктүн бакма кызы Сабина Коксен улуту боюнча армян болгон деп жаза коюп, кийинчерээк улутчулдардын колунан бейажал өлүмгө дуушар болгонун эскертти.

Түркиядагы англис тилинде чыккан гезиттерде Сирия маселеси негизги орунду ээлегенин, кошуна мамлекеттеги кандуу трагедия Түркияга да катуу таасирин тийгизип жатканын байкоого болот. Айрыкча азыркы капсалаң менен хаостон пайдаланып, улам катуураак баш көтөрүп бараткан Сириянын күрттөрү, Ирактын күрттөрү жана ошондой эле Түркиянын түштүк-батышындагы күрттөр баш бириктирсек, бир мамлекет курсак деген максатын ачыкка чыгарышы толук мүмкүн деп кооптоншат бир катар Жакынкы Чыгыш маселесин жакшы билген эксперттер.

Деле Сирия маселеси бардык жагынан туюкка такалган маселе болуп баратат окшойт. Башар ал-Асаддын артында Иран турса, ал эми ага каршы согушуп жаткандарды Сауд Аравиясы баштаган бир катар мамлекеттер, анын ичинде Түркия да колдоп жатканы жакшы белгилүү. Бирок жакында АКШнын мамлекеттик департаменти Сириянын эч бир тарабына, анын ичинде оппозицияга да куралдуу жардам көрсөтпөөнү чечкенин билдирди.

Себеби революция баштагандардын арасында ар кандай элементтер бар экендиги, анын ичинде нака баш кесерлер, террористтер бардыгы маалым болууда жана аларга таратылган курал кимдин колуна тиери, кийин барып кимге каршы ок атаары азырынча белгисиз, деп билдирди мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нюланд СNN телеканалына.

Кошуна мамлекеттердин массалык маалымат каражаттары эмне жөнүндө жазып жатканы да биздин окурмандарга кызык болсо керек. Казак гезиттери, атап айтканда "Казахстанская правда" гезити Чымкентте ундун баасы 25 пайызга көтөрүлүп, 50 килограмм чыга турган бир мүшөк ун 800-900 теңгеге кымбаттап, азыр 3700 теңге болуп калганын кабарлады.

Ошол эле гезит азыр Казакстанда жогорку окуу жайлардын санын кыскартып, сапатын арттыруу боюнча катуу иш-чаралар жасалып жатканы тууралуу макаланы жарыялады. Маселен, Карагандыда үч университет биригип, аты Борбор-Казакстан Университети деп аталыптыр. Ошол эле иш-чаралар Алматыда да ишке ашырылмакчы. Бул аракеттер Нурсултан Назарбаевдин “Социалдык модернизация: Жапырт эмгекчил коом түзүүгө карата жыйырма кадам” деген программалык макаласынан кийин жасалып жатат дейт аталган гезит.

Кошуна Ѳзбекстанда да маанилүү саясий трансформациялар жүрүүдө. “Правда Востока” деген эң негизги орус тилдүү гезитте бул мамлекеттин тышкы саясат боюнча жаңы доктринасы жарыяланды. Бул доктринанын негизги идеясы - Ѳзбекстанды эч кандай аскерий блокторго жакындатпоо, ар дайым тынчтык саясатын жүргүзүү, кайсы бир регионалдык же глобалдык уюмдарга кирүү же андан чыгуу маселеси Ѳзбекстандын эң жогорку улуттук кызыкчылыктарына жараша гана боло тургандыгы баса белгилениптир. Демек бул мамлекеттин Бажы союзуна кирбегени, ЕврАзЭШтен чыгып кеткени, КМШнын саммиттерине да өтө сейрек катышканы, ал гана эмес түрк мамлекеттеринин Бишкекте өткөн жолугушуусуна да баш багып койбогону ушул жаңы доктринага байланыштуу экен.

Орусиянын бир катар гезиттери, маалымат агенттиктери дале болсо коррупция маселесин көтөрүүдө. RBK Daily агенттиги Орусияда коррупция эң жогорку чегине жетти, мындан кийин мамлекеттик башкаруу органдары ичинен ирий баштайт деген ойду жазды. Эгерде 2008-жылы паранын орто эсеби 9 миң рубль болсо, азыркы күндө 300 миң рублге чыгыптыр, же болбосо Дмитрий Медведев президент болгон учурда пара берүүнүн деңгээли 33 эсеге өсүптүр.
XS
SM
MD
LG