Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ким Чен Ын жездесин өлүм жазасына тартты


Түндүк Корея -- Чан Сон Тхек сот жообуна тартылууда.
Түндүк Корея -- Чан Сон Тхек сот жообуна тартылууда.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (9-15-декабрь)

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө эң көп жарыяланган кабар жана анализдердин башында Түндүк Кореянын экинчи адамы делген саясатчынын күтүүсүз өлүм жазасына тартылганы болду.

The Wall Street Journal
басылмасынын Пхеньяндагы кабарчысы саясат таануучулардын да пикирин кошуп, Түндүк Кореянын бийлигиндеги экинчи фигура болгон Чан Сон Тхектин өлүм жазасына тартылышын анализдеген. Апта башында ага өлкөгө кыянаттык кылды жана саткынчы деген айып коюлуп, бардык статусунан ажырады, бейшемби күнү атайын өткөн аскердик соттун чечими менен өлүм жазасына тартылды. Эл аралык коомчулук Ким Чен Ындын бийликке келгенине эки жыл болордун алдындагы мындай окуяны кооптонуу менен кабылдоодо. 67 жаштагы Чан мырза Ким Чен Ындын атасынын карындашынын күйөөсү эле.

Foreign Policy басылмасында 1991-жылы Перси булуңундагы согушта Саддам Хусейин эч кандай химиялык же биологиялык курал колдонгон эмес деген журналист Карим Сахибдин макаласы жарык көрдү. Бирок ага чейин 1980-жылдан тарта Иран менен согушканда Ирак химиялык куралды 8 жыл бою колдонгон. Ошентсе да АКШ же коалициялык күчтөргө карата Саддамдын химиялык курал ачуу буйругу болгон эмес.

Жаңы табылган Саддамдын айрым жолугушууларынын үн тасмаларында ал өз кеңешчилери менен АКШ жана Израилге каршы өзөктүк, биологиялык же химиялык куралдарды жөн гана опузалап туруу үчүн пайдалануу керектигин сүйлөшкөн. Анын бул “Ормон опуза” саясаты 10 жылдан ашуун ийгиликтүү иштеп, ал тургай АКШ Кувейттеги согуштук аракеттерин токтоткон. Эл аралык коомчулук азыр Сирияда Башар ал-Асадды химиялык куралды токтотууга чакырып жатып, Перси Булуңундагы АКШ менен Ирактын абалынан сабак алышы керек дейт журналист.

“Байлар акчасын чындап эле эмнеге коротот?” мына ушундай аталыштагы макала The Times гезитинде жарык көрдү. Дүйнөнүн супер-байларынын баары эмнегедир Лондонду байырлаганга жөнөшөт. Маселен былтыр бул шаарда 83 миллиард фунттук кыймылсыз мүлк накталай акчага сатылган.

Чыгыштын, Орусиянын, Перси булуңунун менменсинген байлары Лондондун Ноттинг Хилл, Челси жана Холланд Паркынан үй сатып алышууда. Миллиондогон фунт стерлингди алар биринчи кезекте балдарына коротушат. Бир баласына жылдын бир мезгили үчүн эң аз дегенде 3 миң евролук кийим алышат. Бала баккычтар менен гувернанттарды ар бир балага бештен жалдашат. Мындан тышкары үй кызматкерлерине аптасына 500 фунттан төлөшөт, итин эшикке чыгарып келгендердин бир сааттык баасы 25 фунт. Байлар сырткы келбетине да катуу кам көргөндүктөн дүйнөнүн атактуу дизайнерлерине бут кийим тиктиришип, сегиз жаштагы кыздарына 4 миң фунттук билериктерди тагышат. Жыл сайын эс алууга эң аз дегенде 100 миң фунтту сарпташса, кечкисин достору менен барып тамактанып, көңүл ачууга Last Supper сыяктуу ресторандарда ар бир кишиге 5 миң долларды ыргытышат деп жазат The Times.

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулук саясий аренага чыкты деген аталыштагы макала EuorasiaNet онлайн басылмасында жарык көрдү. Казак банкири Дархан Ботабаев сентябрь айында аба майданда документтерди текшерген аялды жаакка чаап, кызматынан ажыраган. 10 миң доллар кайрымдуулукка салып, таяк жеген аялга гүл берип, кечирим сурап араң кутулган.

Казак шаарларынын биринин башчысы Канатбай Турмаганбетов болсо президент Назарбаевдин биллбордун сүрөткө тартып жаткан аялды кабинетине алып барып катуу сабаганы коомчулукка жарыяланып кетип, сот жообуна тартылып, кызматынан четтетилген. Ал эми үй-бүлөдө кордук көргөн аялдардын так саны канча экени белгисиз. 2012-жылы Баш прокурорлуктун укуктук статистика борборунда 783 аял зордук көргөнү расмий катталган. Былтыр коңшу өлкөдө 285 аял үй-бүлөлүк кордуктан каза тапкан. “Подруги” деп аталган бейөкмөт уюмдун маалымдашынча, ар бир бешинчи казак аялы зомбулукка кабылат.

Колукту тартыштыгы өлкөнүн башкы көйгөйүнө айланмакчы деп жазат Кытайдын The Economic Observer гезити. Кытайда бирден гана балалуу болуу саясатынан улам гендердик баланс сакталбай, 25 жашка чыгып, келинчек таба албай жүргөндөрдүн саны көбөйүүдө. Янцы жээгиндеги чоң шаарларда жана кыштактарда бала бакча менен мектепте дээрлик эркек балдар билим алышат. Нанкай университетинин профессору Юан Шин акыркы 20 жылда кыздардын саны кескин азайып кетүүсү көп көйгөйлөргө жол ачарын эскертти. Жыл сайын колукту таба албаган эркектердин саны 1,2 миллионго көбөйө бермекчи. Мындай жагдай аялдардын мыйзамсыз сатылышына да алып келет. Акыркы жылдары 36 миң аял Цезянг провинциясына сатылган.

Въетнамга жакын тоолуу аймактардагы кытай эркектери коңшу өлкөнүн аялдарын күчтөп алып келишип үйлөнүшүүдө. Бул жагдай өндүрүшкө да терс таасирин тийгизип жатат. Маселен Гуанчжоу сыяктуу чоң шаарларда айрым фабрикалар аялдардын жетишсиздигинен жабылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG