Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:22

Ислам жана музыка: Исхак Хандын баяны


Исхак Хан Норвегияда, 2009
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

Исхак Хан Норвегияда, 2009

Мусулманчылыкта музыкага болгон мамиле тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, айрым ырчылар өз өнөрүнөн баш тарткан учурлар боло калып жүрөт. Чынында эле ислам дини музыкага каршыбы? Ушул суроо менен Жаңыл Жусупжан бир катар белгилүү ырчылар менен көзмө-көз жолугуп, алардын пикирин билүүгө аракеттенди. Ислам жана Музыка темасындагы алгачкы программабызда оогандык ырчы Исхак Хандын баянын сунуш этебиз.

Исхак Хан Ооганстанда төрөлгөн, согуштун айынан коңшулаш Пакистанда чоңойду. Мукам ырлардын сыйкырына кабылган улан талиптерден качкан айтылуу ооган ырчыларынан таалим алып, алгач үйдө, кийин той-топурда ырдап жүрдү:

Исхак Хан: Музыка – жугуштуу ооруга окшош. Музыканы угуп, ыр ырдаган досторду көргөндө, ким да болсо ырдагысы келет эмеспи. Мен да ошондой болдум. Досторумду көрүп, устатка барып, индус гармоникасын үйрөнө баштадым. Үйлөнүү тойлорунда ырдап калсам, досторум үнүң уккулуктуу экен деп мени ар дайым шыктандырып, ырда деп айтышчу. Ошентип жүрүп ырдап калдым, аспапты да ошентип үйрөндүм.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:

Исхак Хандын баяны
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00
Түз линк


Ооганстан менен Пакистан Индиянын, перстердин, түрктөрдүн жана араптардын өтө бай музыкалык салттары жуурулушкан аймак болуп саналат. Пашту, Балучи, Пунжаб, Кашмир өңдөнгөн ар кошкон элдин көөнө жана Африка, Батыштын таасири сиңген жаңы музыкасы өзүнчө бир галактика.


Исхак Хан
Исхак Хан
Бирок Исхак Хан ата-энеси менен баш калканч тапкан аймакта эскичил көз караштар үстөмдүк кылгандыктан, ырчылык өнөр өгөйлөнүп, ага иш жүзүндө тыюу салынган. Ошондуктан Исхак устаттарга жашырынып барууга мажбур болду:

- Мен эскичил коомдо жашадым. Бул коомдо бийчилерди адам катары санашпайт. Гармоникада ойноп, ырдагандарды да жектешет. Ушундан улам ата-энем ырдабай эле кой, үй-бүлөңдү бага ала тургандай башка кесипти үйрөн деп айтышчу.

Бир күнү Исхакты сыналгыдан тартып кетишет. Кийин анын концертин атасы кокусунан көрүп калат. Ошондон кийин ал болоору болгон экен деп баласына батасын берет:

- Мен өзүмдү сыналгыдан көргүм келди. Үйдөн көрө албайт элем, эжемдикине бардым. Атамдан башкалар менин ырдаганыма каршы эмес эле. Ырларым элге тарап кеткендиктен, бардык каналдар көрсөтө башташты. Атам бир жолу каналдарды алмаштырып отуруп, мени көрүп калды. Аябай таң калып, «Ырдап жүргөн турбайсыңбы?! - деп сурады. Ушундай болуп калды, мени кечириңиз, десем, «эми баштап алыпсың, уланта бер» деди.

Кабулдун жанындагы талкаланган советтик танк
Кабулдун жанындагы талкаланган советтик танк
Исхак ошентип ачыкка чыгат, бирок коркутуулардан улам, мындан үч жыл мурда эмиграцияга кетет:

- Башка ырчылардай эле мени да коркутушту. Белгисиз адамдар «ырдагандан баш тарт, болбосо бирди көрөсүң» деп ар кимдерден айттырышты. Кайра-кайра каттар келчү. Туугандарым да «токтотпосоң жамандык болот» дешти. Мындай коркутуулар көп болду...

Пакистандын шаарларында ырчылык өнөр өтө популярдуу, бирок элет жерлеринде, айрыкча жакырчылык, сабатсыздык үстөмдүк кылган аймактарда шайырлар көп ыдык көрөт:

- Аларды барымтага алышат, кармап, камап коюшат. «Бул ирет кечиребиз, кайра сахнага чыксаң, эртеңки таңды көрбөй калып жүрбө» деп коркутушат. Шайырларды кыйнап, кээде пул сурашат. Айтор ырчылар музыкадан баш тартууга мажбур, кээ бирлери чет өлкөгө качат. Менин бир досум башка өлкөлөргө да таанымал ырчы, ал да ушундай коркутуулардын айынан Пакистандан чыгып кетүүгө мажбур болду. Азыр ал Вашингтондо жашайт.


Исхак достору менен
Исхак достору менен
Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө талиптер шарият мыйзамын киргизгенден кийин музыкалык видео, кассета саткан дүкөндөр талкаланып, жабылган эле. Кийин бул аймак талиптерден бошотулуп, борбордук бийлик калыбына келди. Ооганстанда талиптер бийликте турганда да музыкалык аспаптар жок кылынган, ырчылардын көбү башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушкан.

Азыр аймакта ырчылык өнөр кайра жанданып келатат, бирок Исхак радикал исламчылардын таасири дале күчтүү болгондуктан, араб маданиятынын үстөмөндүгү күчөй берет деп кооптонот:

- Азыр Ооганстан менен айрыкча Пакистанда музыканын келечеги жок. Эскичил көз караштагы адамдар музыканы «арам» дешет. Имам болбогон соң, мен муну аалымдардай чечмелей албайм. Бирок Саударабстанды алсак, ал бардык урмат-сыйга татый турган, ыйык өлкө. Меккеде ажылыкта болгон адам мусулманчылыктын беш вазийпасынын бирин аткарган болот. Мухаммад пайгамбарыбыздын сөөгү да, ыйык Кааба таш да Саударабстанда турат. Эгер мына ушул өлкөдө эл музыка ойноп, ырдап жатса, (бизге эмне үчүн болбосун?) Ооганстан Саударабстанчалык ыйык өлкө эмес да.

Афганистандагы ырчы кыздар, талиптер кулагандан кийинки сүрөт
Афганистандагы ырчы кыздар, талиптер кулагандан кийинки сүрөт
Ырчы Мохаммад пайгамбар тууралуу музыкага байланышкан хадистерди да эске салды:

- Мохаммад пайгамбар Хера үңкүрүнөн чыкканда* эл аны добулбас кагып, ырдап тосуп алышкан. Себеби алар өтө кубанычта болгон. Ошондо пайгамбар эмне үчүн ырыңарды токтоткула деп айткан эмес? Ошондой эле анын өмүрлүк жары Айша Мохаммад үйгө келгенде үйдө эки кичинекей кыз ырдап турган деп айтылат. Саударабияда уурулардын колун кесишет, нарко-аткезчилерди дарга асышат. Эгер музыка ошончолук арам болсо, эмне үчүн чара көрүшпөйт?

Ушундан улам Исхак музыканттардын кысымга алынышы үчүн бөрк ал десе баш алган радикалдарды күнөөлөйт:

- Арабдар өз өлкөсүнөн өз салтын биздин элге алып келишкен. Биздин эл өтө карапайым болгондуктан, ошол эрежелерге баш ийип калышкан. Бул эрежелер биздин салтта жок. Бирок биздин өлкөдө бөтөн салтты сактап жатышат. Ошондуктан бизде азыркыдай кыйынчылыктар болуп жатат.

Оогандар арабдардын маданиятына баш ийип калган...
Исхак Хан.

Маектешибиз бурка же паранжы да ооган элине мүнөздүү болбогонун, ал эми музыка адамды ыракатка бөлөп, терең таасир тийгизээрин мындайча белгиледи:

- Эгер элге бир нерсе десең, сөзүң өтпөйт деле. Саясатчылар ар нерсени айтышат, эртеси башканы сүйлөйт, элге сиңбейт деле. Ал эми эгер ошол эле сөздү ырга салып ырдасаң, адамга оң таасир тийгизет, эл угуп, сөзүн жаттап, ырдан насаат алат.

Ашынган динчилдер айрыкча сүйүү тууралуу ырларга көп асылышат. Мындай ыр адамды тескери жолго түртөт, Алланын жолунан адаштырат дешет. Исхак сүйүү ырлары ар кандай болоорун белгилейт, ырчы аларга лирикасына карап баа бериш керек деп эсептейт:

- Сүйүү деген жаман нерсе деп ойлобойм. Бүгүн мисалы көп ырчылар лирикасын ылгабай ырдай беришет. Бирок көп ырчылар адамгерчилик мазмундагы ойлор камтылган ырларды аткарышат. Мындай ырлар көп, мен да андай сүйүү ырларын ырдайм.

Исхак Хан ошондой эле куранды кырааты менен окуган же азан чакырган да ыр экендигин эскертет:

- Азанды уксаңыз, бул да ыр. Аны мукамдуу аткарсаң, ыр ырдагандай эле нерсе. Кырааты менен окулган куран да чоң таасир тийгизет, ага көңүл кош кала албайсың.

Исхак: "Европада мен бөтөн кишимин"
Исхак: "Европада мен бөтөн кишимин"
Исхак бүгүн Прагада жашайт жана кээде концерттерде ырдап калат. Бирок Европада анын угармандары жокко эсе. Ошондуктан ал эли-жерине сагынычын ырларынан чыгарат. Ал биздин "Жарым кашык музыка" үчүн жакында чыгарган ырын ырдап берди:

- Европада мени эч ким билбейт, мен бул тууралуу ыр чыгаргам. Анда-мында мен бөтөн киши экендигимди, эч кимдин мени менен ишим жок экендигин айтам. Кудай кааласа, видео клип тарттырсам деп жатам. Мен өз угармандарымды, кесиптештеримди, айрыкча үй-бүлөмдү сагынам.

* Хадистерде Алладан аяттар түшө электе Мохаммад пайгамбар Меккенин жанындагы Хера тоосундагы үңкүргө барып, бейкүнөө же жарды адамдарга жардам берүү тууралуу ойлонгон деп айтылат.
XS
SM
MD
LG