Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

COVID-19: АКШда ооругандардын саны эки миллиондон ашты


Коронавируска кабылган бейтапты дарылап жаткан дарыгер. 18-май, 2020-жыл. Лос-Анжелес.
Коронавируска кабылган бейтапты дарылап жаткан дарыгер. 18-май, 2020-жыл. Лос-Анжелес.

Кошмо Штаттарда 10-июндун кечинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны эки миллиондон ашты. Саламаттык сактоо органдары эки апта мурда өткөн Эскерүү күнүнөн кийин ооруканага түшкөндөрдүн саны көбөйгөнүн кабарлап жатышат.

Инфекцияга кабылгандардын саны Аризона, Техас, Флорида, Түндүк Каролина штаттарында жогорулаган. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, COVID-19 менен ооругандардын саны эки миллиондон ашты. 113 миңдей адам курман болду.

Латын Америкасында абал курч бойдон сакталууда. 10-июнда Бразилияда 1274 киши өлдү. Буга карабай өлкөнүн ондогон шаарларында бейшембиде карантин чаралары жумшартылат.

Кытай 10-июнда 15 адамдан СOVID-19 чыкканын билдирди. Улуттук Саламаттык сактоо комиссиясы, жуктуруп алгандардын 11и чет жактан келгендер экенин билдирди.

Коронавирус алгач жайылган Кытайда бул инфекцияга чалдыккандардын саны 83 миңден көп. 4600дөн ашуун адам каза тапкан. Эксперттер реалдуу сандар мындан алда канча көп экенин боолгошууда.

XS
SM
MD
LG