Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

3-январь: Туу кайрадан талкууга түштү, ХАМАСтын лидерлеринин бири өлтүрүлдү


“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек.

3-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Туу кайрадан талкууга түштү

Бийликтин демилгеси менен алмашып, Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек кайрадан талкууга түштү.

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жаңы желек 2-январда түшүрүлүп, нурлары саналганын билдирди. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазды. Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн.

Жогорку Кеңеш кабыл алган туу жана “Ала-Тоо” аянтына илинген желек. (солдон оңго карай)
Жогорку Кеңеш кабыл алган туу жана “Ала-Тоо” аянтына илинген желек. (солдон оңго карай)

Нарматованын арызы боюнча иш козголгон жок

Милиция Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын журналист Кундуз Жолдубаевага каршы жазган арызы боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, бирок “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстеги “майда бейбаштык” менен жоопко тартуу протоколу берилди.

7-декабрда КСДП партиясынын расмий өкүлү, журналист Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыккан. Жолдубаева анын сурак беришине депутат Нарматованын “Арча медиа” YouTube каналындагы эфирлердин биринде анын беделине шек келтирилгени тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековго жазган арызы негиз болгонун билдирген. Ал арызында Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызына чара көрүүнү суранган.

96 күрөөкананын иши убактылуу токтотулду

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргызстанда 96 күрөөкананын ишин 90 күнгө убактылуу токтотту. Тиешелүү токтом 29-декабрда чыккан. Ломбарддардын лицензиясы эмне себептен токтотулганы жазылган эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Кыргызстанда чоң үстөк пайыз менен акча берген күрөөканалардын ишин “элди тоноо” деп мүнөздөгөн. Бул билдирүүдөн кийин ондогон күрөөканалар текшерилип, алардын көбү жылдык пайыздык ченди төмөндөткөнүн жарыялаган.

Кыргызстандагы күрөөканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күрөөканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапонияда зилзаланын курмандыктары көбөйдү

Жапонияда катуу зилзаладан набыт болгондордун саны 3-январда 62ге жетти. Ондогон адамдар жаракат алды. Бийлик бул сан куткаруучулар жабыркаган аймактарга жеткенде дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда болгон. Исикава префектурасында ондогон имараттар талкаланып, миңдеген тургундар электр жарыгысыз калды.

ХАМАСтын лидерлеринин бири жок кылынды

Израил армиясы Бейрутта ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жетекчи орун басары өлтүрүлгөндөн кийин жасаган билдирүүсүндө “бардык сценарийге даяр экенин” билдирди. ЦАХАЛдын өкүлү Дениэл Хагари Аруринин өлүмүнө байланыштуу үн каткан жок. Салех ал-Арури Бейрутта жок кылынганын ХАМАС куралдуу тобу ырастады. Ал куралдуу топтун саясий бюросунун башчысынын орун басары болчу. Ошондой эле анын аскердик ишмердигине да аралашып келген. Маалыматтарга караганда, ал ХАМАСтын кеңсесинин жанында уюштурулган жардыруудан мүрт кеткен. Андан тышкары уюмдун эки командири жана төрт мүчөсү да жок кылынганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG