Сузак районунда ар улуттан баш кошкон түгөйлөр көп. Алардын бири мугалимдер - Зафар менен Гүлпар. Июнь коогасына чейин сүйлөшүп жүрүп, андан кийин баш кошкон үй-бүлө азыр төрт баланын ата-энеси. Ушул тапта экөө тең мектепте мугалим болуп иштеп жатышат.