Жоокерлерди сүрөгөн барабанчы Саннирабига
Саннирабига Бектурган кызы Бишкектеги жаза аткаруу кызматына караган аскердик бөлүктүн оркестринде барабанчы. Ал Кыргыз улуттук консерваториясынын урма аспаптары бөлүмүн аяктаган. Ал окуган бөлүмгө кыздар тапшырбайт. Ошондуктан барабанды бир гана эркектер ойнойт деген стереотипти сындыргысы келет.