УЛАН-БАТОРДО АРАТТАРДЫН НААРАЗЫЛЫК ИШ-ЧАРАСЫ КҮЧ МЕНЕН БАСЫЛДЫ

Тынчтыкбек Чоротегин Өткөн аптада Монголиянын борбору Улан-Батордо жерди жеке менчиктештирүү тууралуу мыйзамга каршы нааразылык иш-чаралары өткөрүлдү. Укук коргоочулар демонстрациялардын катышуучуларына каршы жасалган өкмөттүк катаал чаралар тууралуу өз санааркоосун билдирүүдө.
Монголия Элдик Революциячыл партиясынын өкүлдөрү 2000-жылкы парламенттик шайлоодо өздөрүнүн атаандаштарын олуттуу жеңилишке дуушар кылып, парламенттеги 76 орундун 72син ээлеп калышкан. Бирок мурдагы монгол коммунисттери коомду кайра теңдемечил түзүлүшкө кайтаруу тууралуу эңсешкен деле жок. Алардын өкмөтү менчиктештирүү жараянын толук колдоого алууда.
Бирок, байкоочулардын айтымында, азыркы монгол өкмөтүнүн оппозицияга карата мамилеси тээ 1990-жылга чейинки бир партия үстөмдүк кылган доорду элестетип турат.
Улам жакырданган араттардын айрым топтору ноябрдын башынан бери бийликтерге каршы нааразылык чараларын өткөрүүдө. Ал эми өткөн аптанын башында алардын өкүлдөрү Улан-Батордогу Сухэ-Батор аянтына трактор ж.б. унаалары менен келишип, өкмөттүн жерди менчиктештирүү саясатына каршы нааразылыгын билдиришти. Полиция алардын бул иш-чарасын күч менен басты, ондогон кишилер убактылуу абакка кармалды. Нааразылык чараны уюштурууга белсенген араттарга көмөк көрсөткөн оппозициячыл партиянын кеңсеси да камалоого алынды.
Пост-коммунисттик он жылдын ичинде расмий Улан-Батор демонстранттарга каршы мындай катаал чараларга бара элек болчу. Ордо шаардагы “Азаттык чордону” деп аталган өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү Оюунгерел Цедевдамбанын оюнча, 1990-жылы коммунисттер өз бийлигинен ажырап жаткан чакта да, демонстранттарга каршы мындай орой мамиле жасалган эмес.
Ачык Коом куруу боюнча монголдук кор деген уюмдун өкүлү Солонго Шархуу азыркы өкмөт эски коммунисттик убакты эске салып койду, - деген пикирин айтты. Бүткүл өлкө боюнча сыналгы берүүсүн уюштурган көзгө басар сыналгы компаниясы - өкмөттүн колунда. Ошондуктан монгол калайыгы соңку демонстрациялар жана алардын күч колдонуу менен таркатылышы жөнүндө эч кабардар боло алышкан жок. 25-канал жана “Бүркүт-Ти-Ви” деп аталган атаандаш сыналгы каналдарынын берүүлөрүн Улан-Батордо гана көрүүгө болот. Ошондуктан, өкмөттүк эмес уюмдар азыркы расмий саясатты көз карандысыз маалымат каражаттары аркылуу жалпы калайыкка кабардар кылуу үчүн аракеттенүүдө.
Быйыл жайында Жерди менчиктештирүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Жалпы калайыктын кеңири талкуусу жок эле кабыл алынган бул мыйзамды көпчүлүк араттар долбоору көмүскөдө чүргөлгөн кыйды иш-аракет деп баалоодо. Буга чейинки өкмөттөрдүн тушунда да мал-жай менчиктештирилгенде, өз укуктарынан жана базар мамилелерине өтүүнүн шарттарынан дурус кабардар болбогон жана жаңы эрежелер жаатында сабатсыз карапайым малчылардын көпчүлүгү тез арада эле жакырданган. Айрым жылдары жут да болуп, араттардын кырдаалы ого бетер начардаган.
Монголиялык атуул, теги казак журналист Досан Баймолда биз менен маегинде бул соңку окуялар тууралуу мындайча пикирин билдирет: “Монголиянын атуулдары үчүн жер реформасы тууралуу маселени... алды менен аларга жакшылап түшүндүрүү керек болчу, менимче. Анткени Монголиянын жери – кеңирсийт, бирок калкы аз. Калк алигиче жерди реформалоо, жерди жеке менчикке берүү деген маселени кабылдабайт, алигиче аны жакшы түшүнбөйт”.
Ал эми Монголиядагы өкмөттүк эмес уюмдар жана укук коргоочулар, бир чети, базар экономикасына карай нукту улантуу зарылдыгын айтышса, экинчи чети, коомдо маалымдуулук болбогон жана адамдарга өкмөттүк саясатка каршы пикирлерин эркин айтууга тыйуу салынган шартта, атуулдук коомду куруу мүмкүн эместигин белгилешүүдө.
Акыркы он жылдын ичинде демократиялаштыруу жараянында кыйла илгерилеген Ички Азия өлкөсүндөгү бул соңку саясий окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коому үчүн да кошумча сабактай сезилет.