ИРАКТЫК ОППОЗИЦИЯЧЫЛАР САДДАМДЫ СОТТООГО КАМЫНУУДА

Лондондо чогулган Ирак оппозициясынын жыйыны шейшембиде аяктады. 4 күнгө созулган жолугушуусунда Ирактык оппозициячыл топтордун өкүлдөрү эң башкысы - президент Саддам Хусейн бийликтен кеткенден кийин Иракты башкара турган өткөөл комитет түзүүнү макулдашышты.
Өткөн ишембиде башталган Ирак оппозициясынын жыйыны, алгачкы план боюнча, эртеси эле аяктамак, бирок кызуу талаш-тартыштар күч алып, негизги маселелер боюнча мунасага жетүү кыйын болгондуктан, жолугушуу төрт күнгө созулуп кетти. Адегенде президент Саддам Хусейн бийликтен кеткенден кийин Иракты убактылуу башкарчу орток комитет 20 адамдан турмак, бирок Лондондо чогулган Ирактык ар башка оппозициячыл топтордун 300дөй делегаты ага макул болбой улам кошуп отуруп, акыры өткөөл өкмөттүн ролун аткарчу комитетке 65 киши кирмей болду. Андагы башкы орундар Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңешине жана ирактык күрттөрдүн алдыңкы партияларына тийди. Лондондогу конференциянын соңунда Ирактын Улуттук Конгрессинин төрагасы Ахмед Халаби: «Биз Саддам Хусейн Ирак элин баш көтөртпөй башкарууга эл аралык коомчулуктун жардамы астында жетишкен деп эсептейбиз. Азыр эми Саддамдын Ирактын калкына каршы жасаган кылмыштарын, Кувейт, коңшулаш Иранга каршы аракеттерин, массалык кыргын салчу куралга, биологиялык, химиялык, өзөктүк куралдарга ээ болуп, аларды бүткүл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутууга жумшап жатканына жедеп көзү жеткендиктен, дүйнө коомчулугу Ирактын элине Саддамдай жетекчиден кутулууга көмөк көрсөтүүдө», - деп билдирди.

«Биз, биринчиден, бардык Ирактык оппозициячыл топтордун көз карашын чагылдырган биргелешкен саясий билдирүү кабыл алдык жана экинчиден, оппозициячыл күчтөрдүн аракеттерин координациялап-уюштура турган жана кийин өткөөл өкмөттүн ролун аткара турган орток комитет түздүк», - дейт Ирактык күрттөрдүн жетекчиси Зибари.

Конференциянын аягында айтылган бул оптимисттик билдирүүлөрдүн алдында Лондондо 4 күн бою кызуу талаш-тартыштар токтогон жок. Жыйындын соңунда да айрым Ирактык майда оппозициячыл топтор Саддамдан кийинки болочок комитетте орундар ири уюмдарга тийип калды деген нааразылык менен тараганын айтышууда. Андан сырткары Ирактык сунни-мусулмандар көбүрөөк орун ээлеген шиилерге ичи чыкпай, аялдар уюмдары конференциянын чечимине ыраазы болбой калганын билдиришкен.

Конференциядагы экинчи талылуу маселе – Саддам Хусейн бийликтен кеткенден кийинки Ирактын конституциясы болду. Көпчүлүк оппозициячыл уюмдар келечекте бул маселени бүткүл элдик референдумга алып чыгууну жактап, анткен менен, биргелешкен билдирүүдө келечекте Иракты демократиялуу федералдык мамлекет кылып кайра түзүүнү башкы максаттардын бири катары аташты. Ошондой эле конференциянын катышуучулары Иракта бийлик алмашкандан кийин, азыркы өкмөттө иштеп жаткан 49 саясий ишмерди сот жообуна тартуу чечимин кабыл алышты. Ал тизменин башында Ирактын президенти Саддам Хусейн жана анын эки уулунун ысымдары турат. Лондондогу конференциянын жыйынтыктарына шаттана түшкөн Ирак Улуттук Конгрессинин төрагасы Ахмед Халаби: «Улуттар Уюмунун санкциялары күчүндө турганда, Багдад менен мунай боюнча түзүлгөн эл аралык келишимдердин баары жоюлат», - деген билдирүү жасаганы Ирактын табигый запастарын иштетүүнү эбак өз ара бөлүшүп алган Орусия, Кытай жана Европалык мунай компанияларын дүрбөлөңгө сала жаздады. Эксперттер, оппозициячылар антип ашыкпасын, азырынча Ирактын башындагы өкмөт өз бийлик укуктарын жогото элек, - деп эскертишти. Батыштык гезиттердин бир даары Лондондогу жыйынды комментарийлеп, «Ирактык оппозициячылар – уруу-урук, диний агымдарга бөлүнгөн, ич ара ынтымаксыз араб дүйнөсүнүн чакан үлгүсү, ондогон жылдар бою чет мамлекетте жашаган алар Иракты кыска убакытта демократиялуу мамлекетке айландырып ийээри күмөндүү», - деп белгилешүүдө.